БШК 29 участокто шайлоо жыйынтыктарын бекитти

  • 1 месяц мурун

Борбордук шайлоо комиссиясы 8-декабрда 16 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жыйынтыгын чыгарды. Ошону менен мурдагы жыйынтыктарды эске алганда 29 участокто шайлоо жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөр аныкталды.Ал эми №13 учатоктун добуш берүү жыйынтыгы 3-декабрда жокко чыгарылып, ал участокто кайра шайлоо дайындалары белгилүү болгон.

БШК №1 шайлоо округу, боюнча, 18-шайлоо округу, боюнча, 17-шайлоо округу боюнча, 21 шайлоо округу, 7-шайлоо округу, 3 шайлоо округу, 12 шайлоо округу, 14 шайлоо округу, № 4 шайлоо округу, №19 шайлоо округу, №6 шайлоо округу, №23 шайлоо округу, № 25 шайлоо округу жана №8 шайлоо округу, №9 шайлоо округу, №26 шайлоо округу боюнча жыйынтыктарды чыгарды.

Ага чейин жыйынтыгы бекитилген округдар: 29 округ№30 округ№11округ№20 округ, №15 округ, № 27 округ, №2 округ№10 округ№24 округ, № 28 округ, № 5 округ№22 округ.

БШК буга чейин №16 шайлоо округунун жыйынтыгын чыгарган. Ошону менен 29 округдун депутаттары белгилүү болду. Аталган округдар боюнча жеңүүчүлөрдүн тизмеси, алган добуштары, бардык талапкерлердин добуштары, мыйзам бузуулары дагы белгиленди.

3-декабрда БШК парламенттик шайлоодо (БШК) №13 шайлоо участогундагы добуш берүү жыйынтыгын жокко чыгаруу чечимин кабыл алды.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн 30 көп мандаттуу шайлоо округу түзүлдү, алардын ар биринде Жогорку Кеңештин 3төн депутаты 5 жылдык мөөнөткө шайланат.

Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын депутаттарын шайлоого добуш берүү 30-ноябрда өттү.

БШК парламенттик шайлоонун АСУдан алынган баштапкы жыйынтыктарын жарыялаган.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) округдук шайлоо комиссиясынын протоколдорунун маалыматтарынын негизинде парламенттик шайлоого добуш берүү аяктагандан кийин 13 күндүн ичинде же 14-декабрга чейин добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарат.

Талапкер Элдар Абакиров парламенттик шайлоодогу №26 Чүй-Токмок-Кемин округу боюнча мыйзам бузууга байланыштуу кайрылуу жасады.  

Борбордук шайлоо комиссиясы 3-декабрдагы жыйынында көп мандаттуу №13 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону жараксыз деп тааныды.

№13 көп мандаттуу шайлоо округунан талапкер Айгүл Карабекова БШКны сотко бере турганын билдирди.

Сүрөт: shailoo.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты