БШК президенттик шайлоого чет өлкөлөрдө алгачкы 74 шайлоо участогун түздү

Борбордук шайлоо комиссиясы чет мамлекеттердин аймагында 74 шайлоо участогун түзүү жөнүндө чечим кабыл алганын билдирди.  

20 шайлоо участогу Россияда, Түркия жана Казакстанда 6дан, АКШда 5 шайлоо участогу ачылды.

Корея Республикасында жана Италияда 3төн шайлоо участогу иштейт. Өзбекстан, Германия, Кытай жана Бириккен Араб Эмираттарында 2ден шайлоо участогу түзүлдү.

Калган 23 шайлоо участогу башка өлкөлөрдө уюштурулду.

Бүгүнкү күнгө карата 33 мамлекетте шайлоо участоктору түзүлдү.

Добуш берүү күнүнө чейин чет өлкөлөрдө кошумча шайлоо участокторун ачуу пландаштырылууда.

13-ноябрда Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкерлерди көрсөтүү үчүн белгиленген мөөнөт аяктады. Президенттик шайлоого катышууга 11 адам талапкерлигин койду.

Учурда талапкерлерди колдоо максатында шайлоочулардын электрондук кол тамгаларын чогултуу уланууда. Бул этап 7-декабрга чейин созулат. Мыйзамдарга ылайык, каттоодон өтүү үчүн ар бир талапкер кеминде 30 миң шайлоочунун кол тамгасын чогултууга тийиш.

Каттоодон өтүү үчүн зарыл болгон документтерди кабыл алуу 2026-жылдын 13-декабрына чейин уланат

Президенттикке талапкерлерди каттоо 2026-жылдын 23-декабрына чейин жүргүзүлөт.

Президентти шайлоо 2027-жылдын 27-январына белгиленген.

Иллюстрациялык сүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты