№ 24 округ: Салымбеков, Карыбек уулу, Акимбаева шайланды деп табылды
- 2 месяца мурун
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) бүгүн, 7-декабрда, № 24 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө маселени карады.
№ 24 шайлоо округу боюнча төмөнкүлөр шайланган депутаттар деп таанылды:
— Салымбеков Жумабек – 7481 добуш 22,16%;
— Карыбек Уулу Улукбек – 6038 добуш 17,89%;
— Акимбаева Гүлнара – 3505 добуш 10,38%.
24 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоону уюштуруу үчүн 60 шайлоо участогу жана кошумча 4 аралыктан добуш берүү участогу ачылып, шайлоочулардын тизмесине 134 994 шайлоочу киргизилген.
Добуш берүүгѳ 34 309 шайлоочу же 25,42% катышты. Округдун ичиндеги шайлоо участокторунда 29339 шайлоочу добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 21,73% түздү. 4970 шайлоочу аралыктан добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 3,68% түздү.
№ 24 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо КР БШКсы 14 талапкерди каттады, шайлоого 13 талапкер катышты.
Талапкерлер төмөнкүдөй добуш алды:
1. Карыбек Уулу Улукбек – 6038 добуш 17,89%;
2. Салымбеков Жумабек – 7481 добуш 22,16%;
3. Исмаилов Арафат – 5595 добуш 16,58%;
4. Кулмамбетова Алтынай – 325 добуш 0,96%;
5. Акимбаева Гүлнара – 3505 добуш 10,38%;
6. Исаева Майрамкүл 324 добуш 0,96%;
7. Ибраймакунов Данияр 486 добуш 1,44%;
8.Молдалиева Шарийпа 1757 добуш 5,21%;
9. Орозбаев Мирлан 288 добуш 0,85% ;
10. Шарапова Жибек 683 добуш 0,85%;
11. Кайыпов Сулайманович 305 добуш 0,90%;
12. Токторбаева Кыял 1102 добуш 3,26%;
13. Эргешов Казыбек 3434 добуш 10,17%;
14. Каттоосу жокко чыгарылган;
15. Баарына каршы 2432 добуш 7,20%.
Ыкчам аракеттенүүчү координациялык топко 3 арыз түштү жана округдук шайлоо комиссиясынын чечими менен 2 участоктун жыйынтыгы жокко чыгарылды. Ар бир арыз боюнча чечимдер кабыл алынып, жазуу жүзүндөгү жооптор берилди.
БШК № 24 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин шайланган депутаттары деп Салымбеков Жумабек, Карыбек Уулу Улукбек жана Акимбаева Гүлнара таанылды.
БШК парламенттик шайлоонун АСУдан алынган баштапкы жыйынтыгында №24 шайлоо округу боюнча Жумабек Салымбеков, Гүлнара Акимбаева жана Арафат Исмаилов алдыда келе жаткан.
БШК парламенттик шайлоонун АСУдан алынган баштапкы жыйынтыктарын жарыялаган.
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) округдук шайлоо комиссиясынын протоколдорунун маалыматтарынын негизинде парламенттик шайлоого добуш берүү аяктагандан кийин 13 күндүн ичинде же 14-декабрга чейин добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарат.
Сүрөт коллажы: Интернет булактарынан




