“Кыргызнефтегаз” мамлекеттик ишканасындагы коррупция жана ага Ташиевдердин үй-бүлөсүнүн катышы тууралуу иликтөө жарыяланды   

Салык кызматы “Кыргызнефтегаз” мамлекеттик ишканасындагы ири коррупциялык схемага Ташиевдердин үй-бүлөсү катышканын ачыктады.

Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын «Ай салык» Ютуб-баракчасындагы “Өз кишилер үчүн нефть: «Кыргызнефтегазды” кандайча талкалашкан?” аттуу иликтөөдө белгилүү болду.

«Өлкө 5 жыл бою коррупция менен катуу күрөштү көрүп келди. Кармоолор, катуу билдирүүлөр, калкка кеңири жарыя кылынган рейддер. Система өзгөрүлүп жаткандай сезилди. Бирок ошол күрөшкө жанаша эле дагы башка нерсе болуп жаткан. Бул – мамлекеттик нефть өндүрүү, кайра иштетүү жана сатуу жагдайында. 2021-жылдан 2025-жылга чейинки беш жыл ичинде 7 миллиарддан ашык сомдук нефть ортомчу фирмалар аркылуу сатылып турган. Бул иликтөө “Кыргызнефтегаз” мамлекеттик ишканасын кантип талап-тоношкону тууралуу. Мамлекеттик ишкананын көптөгөн миллиард сом каражаттары кантип өлкөнүн мурдагы башкы чекистинин аффилирленген  жеке компанияларынын колуна түшүп калганы тууралуу» деп айтылат иликтөөдө.    

Андагы маалыматтарга ылайык, “Кыргызнефтегаз” ишканасы чийки сырьелорун ортомчу компанияларга сатып, ортомчу компаниялардан даяр продукцияларды кайра өзү кымбат баа менен сатып алып турган. Ортомчу компаниялардын дээрлик бардыгы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин жакындары менен байланыштуу компаниялар болгон.

“Кыргызнефтегаз” мамлекеттик ишканасынан мамлекеттик бөлүштүрүү системасы аркылуу 262,000 тонна нефть кеткен, бул 7 млрд 615 млн сом. Нефть мамлекет аркылуу эмес, ортомчу фирмалар аркылуу сатылып кетип турган.

Ар бир тоннадан орто эсеп менен 12 миң сом киреше түшмөк. 262 409 тонна боюнча эсептегенде мамлекеттик компания болжол менен 3 млрд 15 млн сом мүмкүн болгон кирешеден куру калган.

Бул тууралуу Салык кызматынын «Салык сервис» мамлекеттик ишканасынын улук PR адиси Анарбек Катагановдун иликтөөсүндө:

Кыргыз Petrum Company мамлекеттик ишканасынын кампалары Манас шаарында жайгашкан.

Кыргызстан жылына 180.000 тонна нефть өндүрөт. Нефтти “Кыргызнефтегаз” мамлекеттик ишаканасы өндүрөт. “Кыргызнефтегаздын” өзүнүн нефть иштетүүчү Кыргыз Petroleum аттуу нефтти кайра иштетүүчү заводу бар. Бул мамлекет өзү нефть өндүрүп, өзү кайра иштетет деген принципке негизделген. Нефть жана газды мамлекеттик ишкана негизинен Жалал- Абад облусунда өндүрөт. Анда жүздөгөн нефть скважиналары бар жана жаңы жерлерди иликтейт.

Нефть өндүрүүгө 14 лицензия берилген, алар чет элдик инвесторлор менен биргелешип иштешет. Өндүрүлгөн нефтинин 60 пайызы чет өлкөлүктөргө, 40 пайызы “Кыргызнефтегазга” тиешелүү.

Беш жылда “Кыргызнефтегаз” 879.000 тонна нефть өндүргөн. Иштетилип чыккандан кийин 850.000 тонна таза нефть калган. 29.000 тонна нефть өндүрүш жоготуусу катары эсептелген. Бул — өтө чоң жоготуу.

Андан ары өтө таң калыштуу: Мамлекет нефтинин 30 пайызын жеке фирмаларга сатат. Бул — 262.000 тонна сырье. Ал эми жеке фирмалар нефтини кайра иштетишпейт. Алар ошол чийки затты сатып алып, кайра эле аны иштетүүгө, мамлекеттик Кыргыз Petrum Company компаниясына жиберет.

Башкача айтканда мамлекеттик нефть жеке фирмаларга сатылат, аны жеке фирмалар кайра мамлекеттик заводго кайра иштетүүгө, даяр күйүүчү май алууга жиберет. Эмнеге мамлекет жеке фирмаларга сырье сатып, аны фирмалар кайра мамлекеттик заводго иштетүүгө жиберет, завод мамлекеттин өзүнүкү болгондон кийин, ортомчусу жок эле сатып, өзү эле иштете бербейби деген суроо туулат. 262.000 тонна нефть, бул 10.400 бензовоз болот, эгер аларды катарга койсо, 210 футбол талаасындай жерге жайгашат. Мына ушул көлөм жеке компанияларга берилип жатат.

Бул жеке компаниялар кимдерге таандык десеңиздер, Кыргыз Petroleum  company компаниясынын директору Байгазы Матисаков, Камчыбек Ташиевдин жээни болот.

Ошол ортомчу компаниялардын көбүнүн нефть сактоочу жайы жок, бензовоздору жана инфраструктуралары жок. Анда алар нефтини кантип ташып, кантип сакташкан деген суроо туулат. Алар “Кыргызнефтегаз” мамлекеттик ишканасына тиешелүү түтүктөр аркылуу нефтини ташышкан. Бул түтүктөр 60 чакырым жерде, Кочкор-Ата шаарынан тартылган, бул жерге “Кыргызнефтегаз” чийки нефть ташып турат.  Ал эми жеке фирмалар сатып алган чийки нефтти ошол түтүктөр аркылуу тартып келишкен жана ошол түтүктөр аркылуу кайра иштетүүгө жиберип турушкан.

Жеке фирмаларга мындай кызмат көрсөтүүгө мамлекеттик ишканага ким уруксат берген?  “Кыргызнефтегаздын” жаңы жетекчиси келгенде, ишкана эсебинде 1, 200. 000 сом болгонун, айлык акы боюнча карыздарды араң жабышканын айтат.

Эгер мамлекеттик ишкана нефтини өзү иштетсе, абал жакшы болмок да. Ал эми кыргыз-өзбек-азербайжан нефть иштетүүчү завод кирешени бөлүштүрөт. Ал фирманын директору Казыбек Кыдыршаевич Ташиев, учредители — Шайирбек Ташиев. Ал эми Регион ойл фирмасы Назгүл Айдаровага таандык. Ал болсо “Ата-журт” саясий партиясынын бухгалтери да болуп иштейт.

Бул иликтөөнүн башында “Кыргызнефтегаз” нефтинин 60 пайызы инвесторлорго берилет  деп айтылбады беле? Ошол инвесторлор — Ташиевдин туугандарынын  фирмалары. Инвесторлор чийки заттын бир бөлүгүн Шаирбек Ташиевдин ж.б. компанияларына берип турат. Аларга тиешелүү компаниялар мамлекеттен чийки нефть сатып алып, кайра аны иштетүүгө мамлекетке берип турган.

Мамлекетти талап-тоноо нефтини өндүрүүдөн баштап, аны иштетүүгө жана сатууга чейин жайылтылган. “Кыргызнефтегаз” дээрлик 29.000 тонна нефтини ташуудагы жоготуу катары эсептеген. Ал эми эксперттер ташууда көп болсо жоготуу  1% дан ашпайт деп айтышууда.

Эгер 5 жылда 879.000 тонна нефть өндүрүлсө, анын 29.000 тонна чийки заты жараксыз болсо, 879. 000 тоннанын 1%ы 9.000 тонна гана болмок. Ал эми калган 20.000 тонна кайда кетип турган? Муну салык текшерүүсү аныктап берет.

Эгер чийки нефтинин бир тоннасы 28.000 тонна болсо, ал 560 млн сомдон ашык  болот.

Салык кызматынын эсептөөсү боюнча, беш жылдагы 262.409 тонна сырьенун баасы 7 млрд 615 миллион сом болот.

Байгазы Матисаков даяр продукцияны сатууда акчаны кантип бөлүштүргөн? Бир фирмага артыкчылык берилген, ал — OCOO MOC Group, бул фирма ири көлөмдө нефть алып турган.  Ал эми ал компаниянын учредители — Таймурас Ташиев. Ага чейин ал фирманын учредители Камчыбек Ташиев болгон.

Нефть иштетилгенден кийин ал мазут, дизель жана А80 бензини болуп бөлүнөт. Аффилирленген фирмалар чийки нефтинин гана эмес, нефть продуктуларынын каймактарын, мазут менен дизелди алып турган. Регион ойл деген жеке фирма 2012-2023-жылдары 466 млн сомго мазут алган. Андан кийин Регион ойл эл аралык Дубай нефтетрейдерлерине саткан. Royal limited 100 млн сомго алган. Регион ойл 88 млн сомго алган. Алар кимге саткан дебейсиздерби?  Мазутту Ташиевдин фирмасы атасынан алып, аны кызына саткан.

Солярканы дагы Таймурас Ташиевдин  MOC Group компаниясы алган. Андан кийин ал Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жана башка муниципалдык ишканаларга сатылып турган.

Ал эми сорту начар А80 бензинин Партнер нефть жана Red петролиум компаниялары алып турган.

Ал эми эң жакшылары дизель менен мазут кожоюндарда калчу.

Сүрөт: Иликтөөнүн авторлоруна таандык.                               

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты