БШК: Президенттикке талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү аяктады

Бүгүн, 13-ноябрда, Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкерлерди көрсөтүү үчүн белгиленген мөөнөт аяктады. Президенттик шайлоого катышууга 11 адам талапкерлигин койду.

Учурда талапкерлерди колдоо максатында шайлоочулардын электрондук кол тамгаларын чогултуу уланууда. Бул этап 7-декабрга чейин созулат. Мыйзамдарга ылайык, каттоодон өтүү үчүн ар бир талапкер кеминде 30 миң шайлоочунун кол тамгасын чогултууга тийиш.

Каттоодон өтүү үчүн зарыл болгон документтерди кабыл алуу 2026-жылдын 13-декабрына чейин уланат. Талапкерлер жана алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жетишпеген документтерди белгиленген тартипте тапшыра алышат.

Президенттикке талапкерлерди каттоо 2026-жылдын 23-декабрына чейин жүргүзүлөт.

-12-ноябрда Клара Сооронкулова Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер болуу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) арыз жазды.

-12-ноябрда Мамбетжунус Абылов президенттикке өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылды.

-11-ноябрда Амур Айба Медер президенттикке өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылды.

-11-ноябрда, Бактыбек Адылов;

-11-ноябрда Бактыбек Калмаматов;

-10-ноябрда президент Садыр Жапаров;

-6-ноябрда Исхак Масалиев;

-4-ноябрда Акай Кыдыров;

-27-октябрда Азамат Эсенбеков;

-28-октябрда Сыймык Жапыкеев президенттикке өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК)  кайрылды.

-14-октябрда Аймен Касенов президенттикке өзүн өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө БШКга арыз берген.

Президентти шайлоо 2027-жылдын 27-январына белгиленген.

Сүрөт: БШК

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты