БШК № 5 округ боюнча шайлоонун жыйынтыктарын бекитти

  • 2 месяца мурун

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) бүгүн, 7-декабрда № 5 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин шайланган депутаттары деп  Сулайманов Эльдар, Исираилов Азамат жана Ахмедова Айгүл шайланды деп эсептеди.

Аталган талапкерлер мындай добуш алды::
— Сулайманов Эльдар  – 18 789 (36,66%);
— Исираилов Азамат  – 9 248 добуш (18,04%);
— Ахмедова Айгүл – 5 225 добуш (10,19%).

№ 5 шайлоо округу боюнча шайлоону уюштуруу үчүн 74 шайлоо участогу түзүлгөн, шайлоочулардын тизмесине 164 881 шайлоочу киргизилген. Алардын ичинен добуш берүүгѳ 52 172 шайлоочу катышты, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 31,64% түздү.
Округдун ичиндеги шайлоо участокторунда 47 892 шайлоочу добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 29,05% түздү. 4 280 шайлоочу аралыктан добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 2,60% түздү.

№ 5 шайлоо округу боюнча 14 талапкерди каттады, шайлоого 14 талапкер катышты.
Төмөнкүдөй добуш алды:
1. Баргибаева Жипаргүл  – 286 добуш (0,56%);
2. Султанова Салима – 1 723 добуш (3,36%);
3. Исираилов Азамат – 9 248 добуш (18,04 %);
4. Ахмедова Айгүл – 5 225 добуш (10,19 %);
5. Ормонова Жамал – 908 добуш (1,77%);
6. Камилова Дилбар  – 756 добуш (1,48%);
7. Маматалиева Багдадгүл – 1 780 добуш (3,47%);
8. Бердикулова Эльмира – 559 добуш (1,09%);
9. Исаева Гүлназ – 834 добуш (1,63%);
10. Алтыбаева Айнуру Тойчиевна – 1 057 добуш (2,06%); 
11. Сулайманов Эльдар — 18 789 добуш (36,66%); 
12. Айтибаев Курбанбек – 3 678 добуш (7,18%); 
13. Абдуллаев Азизбек – 3 763 добуш (7,34%); 
14. Мурзажигит кызы Зарема – 1 183 добуш (2,31%); 
15. “Баарына каршы” – 1 463 добуш (2,85%). 

№ 5 шайлоо округу боюнча шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө Ыкчам аракеттенүүчү координациялык топко жалпы 2 арыз түштү.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) округдук шайлоо комиссиясынын протоколдорунун маалыматтарынын негизинде парламенттик шайлоого добуш берүү аяктагандан кийин 13 күндүн ичинде же 14-декабрга чейин добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарат.

Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын депутаттарын шайлоого добуш берүү 30-ноябрда өттү.

БШК парламенттик шайлоонун АСУдан алынган баштапкы жыйынтыктарын жарыялаган.

Сүрөт коллажы: kg.akipress.org

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты