«Чыр чыгарып шайлоону өткөрбөй коюш керек» деген чагымчылдар тууралуу маалыматтар түшүүдө. Садыр Жапаров билдирди

Президент Садыр Жапаров шайлоону өткөрбөй коюш керек деген чагымчыл саясатчылар бар экендиги тууралуу маалымат түшүп жаткандыгын Фейсбук баракчасында билдирди.

-Кечээ жакында бир катар булактардан мага маалыматтар келди. “Койнунда котур ташы бар” арам ойлуу, чагымчыл саясатчылар “шайлоого чейин түштүктө өзбек-кыргыз ортосуна от жагып, чыр чыгарып, шайлоону өткөрбөй коюш керек” деген сындуу пландарын сүйлөшүп жатышат. Азырынча сөз кылып гана жатышат. Бирок сөз жүзүндөгү бул чагымчыл ойлору ишке ашып кетиши да мүмкүн” деп жазды Садыр Жапаров.

Жапаров өзбек-кыргыз ортосунда  мурда болгон окуялар тууралуу жалган кеп таратып, болбогон жерден чыгар чыгарып жибере тургандар тууралуу да эскертти:   

-Себеби, өзбек-кыргыз ортосунда чыр чыгарышы үчүн сезимге ойногон, куру намысты козгогон ар кандай жалган кептерди таратып, болбогон жерден чыр чыгарып жиберишет. Биз муну 1990-жылы, 2010-жылы эки жолу башыбыздан өткөрдүк. Ушул эки жолку жаңжалда канчалаган карапайым өзбек-кыргыз жарандарыбыз кырылып кетишти. Ошол жаңжалды уюштурган саясатчылардын бирөөнүн жакынынын чыпалагы дагы жабыркаган жок.

-Азыр мамлекент алсыз эмес экенин жана жаңжалды басып коюуга мамлекеттин дарамети жетээрин да айтты:

-Азыр биздин мамлекет 1990, 2010-жылдардагы алсыз мамлекет эмес. Кокус жаңжал чыгып кетсе, бир-эки күндө басып салууга мамлекеттин күч-кубаты, дарамети жетет. Тилекке каршы, андай учурда сөзсүз жабырлануучулар болот. Бирок андай трагедиянын эч кимге кереги жок,-деди Садыр Жапаров.

Кезектеги президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өткөрүлө тургандыгы тууралуу Жогорку Кеңеш 24-сентябрда чечим кабыл алды.

Шайлоого катышуу үчүн 12-ноябрда, саат 15:31ге карата 10 талапкер арыз берди. Анын арасында президент Садыр Жапаров да бар.

Президенттик шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.

Сүрөт: БШК

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты