Айба Амур президенттикке талапкер болууга БШКга арыз жазды

Бүгүн, 11-ноябрда, Амур Айба Медер президенттикке өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылды.

-11-ноябрда Бактыбек Адылов өлкөнүн президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) кайрылды.

-11-ноябрда Бактыбек Калмаматов;

-10-ноябрда президент Садыр Жапаров;

-6-ноябрда Исхак Масалиев;

-4-ноябрда Акай Кыдыров;

-27-октябрда Азамат Эсенбеков;

-14-октябрда Аймен Касенов президенттикке өзүн өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө БШКга арыз берген.

-28-октябрда Сыймык Жапыкеев президенттикке өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК)  кайрылды.

Президенттик шайлоого катышуу ниетин Өмүрбек Суваналиев, Эмил Жамгырчиев билдирди.

Президенттик шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.

Кезектеги президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өткөрүлө тургандыгы тууралуу Жогорку Кеңеш 24-сентябрда чечим кабыл алды.

Сүрөт: БШК

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты