№ 20 шайлоо округу: Айтиев, Атамбаев, Ашымбаева депутат болуп шайланды
- 2 месяца мурун
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) бүгүн, 7-декабрда, № 20 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө маселени карап, токтом кабыл алды.
Токтомго ылайык, № 20 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү деп таанылып, төмөнкүлөр шайланды:
— Айтиев Темирлан – 9 021 добуш (29,04%);
— Атамбаев Сеидбек – 3 825 добуш (12,31%);
— Ашымбаева Токтобүбү – 1 249 добуш (4,02%).
№ 20 шайлоо округу боюнча шайлоону уюштуруу үчүн 64 шайлоо участогу түзүлгөн. Округдагы шайлоочулардын тизмесине 128 180 шайлоочу киргизилген. Алардын ичинен добуш берүүгѳ 31 602 шайлоочу катышты, бул округдагы шайлоочулардын тизмесине киргизилгендердин 24,65% түздү.
Округдун ичиндеги шайлоо участокторунда 27 357 шайлоочу добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмесине киргизилгендердин 21,33% түздү. 4 245 шайлоочу аралыктан добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмесине киргизилгендердин 3,31% түздү.
№ 20 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо БШК 18 талапкерди каттады, 1 талапкердин каттоосу жокко чыгарылды. Мөөнөтүнөн мурда шайлоого 17 талапкер катышты.
№ 20 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 4-декабрындагы № 20 шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколуна ылайык талапкерлер төмөнкүдөй санда шайлоочулардын добуштарын алышты:
1. Атамбаев Сеидбек – 3 825 добуш (12,31%);
2. Курманбекова Бермет – 983 добуш (3,16%);
3. Байтемирова Гуляим – 442 добуш (1,42%);
4. Алымбеков Максат – 2 867 добуш (9,23%);
5. Мухидинов Оятулло – 1 102 добуш (3,55%);
6. Ташибекова Гүлнара – 840 добуш (2,70%);
7. Алыбаева Жаңыл – 564 добуш (1,82%);
8. Намазалиев Алтынбек – 1 790 добуш (5,76%);
9.Кермалиев Таалайбек – 1 727 добуш (5,56%);
10. Болгонбаев Азамат – 1 236 добуш (3,98%);
11. Айтиев Темирлан – 9 021 добуш (29,04%);
12. Асекова Гүлмира – 810 добуш (2,61%);
13. Ибраимова Малика – 530 добуш (1,71%);
14. Разиков Аброр – 800 добуш (2,58%);
15. Абдыгулова Асель – 523 добуш (1,68%);
16. Ашымбаева Токтобүбү – 1 249 добуш (4,02%);
17. Ташматов Сапар – 974 добуш (3,14%);
18. “Баарына каршы” – 1 779 добуш (5,73%).
Шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө № 20 округдук шайлоо комиссиясына жалпы 9 билдирүү келип түшүп, алардын баары каралды. Ар бир билдирүү боюнча чечимдер кабыл алынып, жазуу жүзүндөгү жооптор берилди.
№ 20 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин шайланган депутаттары деп Айтиев Темирлан, Атамбаев Сеидбек жана Ашымбаева Токтобүбү таанылды.
Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын депутаттарын шайлоого добуш берүү 30-ноябрда өттү.
БШК парламенттик шайлоонун АСУдан алынган баштапкы жыйынтыктарын жарыялаган.
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) округдук шайлоо комиссиясынын протоколдорунун маалыматтарынын негизинде парламенттик шайлоого добуш берүү аяктагандан кийин 13 күндүн ичинде же 14-декабрга чейин добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарат.
3-декабрда БШК парламенттик шайлоодо (БШК) №13 шайлоо участогундагы добуш берүү жыйынтыгын жокко чыгаруу чечимин кабыл алды.




