Журналисттик иликтөө: Кудалар үчүн парк (ВИДЕО)
- 10 месяцев мурун
- Иликтөөлөр
2018-жылы «Ата-Түрк» паркынын аймагындагы чоң үйдүн курулушу баштаган. Ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков, көп жылдар бою каралбай калган жерлерге жаңы парк курулсун деп тапшырма берген. Кийин үйдүн курулушу менен бирге парктардын курулушу да аяктаган. Мындан батирлердин баасы көтөрүлүп, үйдү салган компания пайда көргөн. Кызыгы бул үйдү экс-президенттин кудасы курган экен.
Курулуш башталаары менен Жээнбеков бул жерде парк болот деп үйдүн тегерегинде жол, тротуар куруп, бардык шарттарды түзүп берген. Мындан батирлердин баасы көтөрүлүп, үйдү салган компания пайда көргөн.
Белгилүү болгондой, “Ата-Түрктө” мыйзамдуулугу талаш жараткан башка үйлөр да бар. Жашоочулар мэрия менен соттошуп, ортодо талаш-тартыш жаралган. Эми парктагы үйлөрдүн ээлери кыйналып “үйүм снос болуп кетпесин” деп, экинчи ирет акча төлөөгө аргасыз болушту.
Аталган жер “Ата-Түрк” паркына кирчү. Көп жылдан бери “Сүйүү” паркы деп аталып, каралбай калган. Мурда бул жерде кечинде жарык жок, сейилдеген дагы кооптуу, коркунучтуу сезилчү. 2019-жылдын башында кокустан эле ошол учурдагы президент Сооронбай Жээнбеков “Бишкектин мурунку эң жашыл шаар наамын кайтарышыбыз керек” деп “Ынтымак” паркына капсула салган.
Мурда жылдап каралбай калган парк, президенттин жеке демилгеси менен төрт айдын ичинде эле толук салынып бүткөн. Парктын ачылышына өзү дагы барып катышкан. Аны менен удаа эле “Ынтымак 2”, “Ден соолук” парктары курулду.
Ошол жылдары, тагыраагы 2018-жылдын ноябрь айында Жээнбековдун кудасы, Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу Темирлан Токобековго тийиштүү “Фемили групп” компаниясы “Ынтымак” паркында килейген үйдү салып баштаган.
Парктын жерине үй салууга кантип уруксат берилгени кызык. Баса, белгилей кетчү нерсе: ошол учурда Темирлан Токобеков Бишкек шаардык кеңешинин депутаты болгон. Демек, Бишкектеги инфратүзүм, парктар тууралуу чечимдерди кабыл алууда таасири болгонбу деген суроо жаралат. Ошондой эле парк, үй курулуп жатканда Жээнбеков президент, Абжалиев ЖК депутаты болушкан.
Жарнамада бул “КЛУБДУК ҮЙ”, “ЭЛИТ-КЛАСС”, “ЭКСКЛЮЗИВДҮҮ ЕВРОПА СТИЛИНДЕ” деп сүрөттөлгөн. Интернетте курулуштун ар бир этабы көрсөтүлгөн. “Фемили Резиденсте” ЭҢ КИЧИНЕКЕЙ БАТИРДИН АЯНТЫ 220 ЧАРЧЫ МЕТРди түзөт. Үйдүн астында 30 унаага, сыртында коноктор үчүн 50 унаага паркинг, күзөт бар. Парктын арты менен чогуу жолдор да салынган. Аны биз спутниктен тартылган кадрлардан көрсөк болот. Мына бул жол түз эле “Фемили Резидентстин” парковкасына кирип кетет.
Сооронбай Жээнбеков бийликтен кеткенден кийин парктын курулушунда бир катар мыйзам бузуулар катталып, териштирүү башталган. Баш прокуратуранын маалыматында, мамлекетке ири өлчөмдөгү чыгым келтирилгендиги белгилүү болгон.
Контракттар туура эмес түзүлгөн, курулуш уруксат кагаздар даяр боло электе эле башталган. Бирок, ал иш эмне менен бүткөнү белгисиз. Парктын сапатсыз салынгандыгы тууралуу бир катар эксперттер, блогерлер дагы айтып чыгышкан.
Эми хронологияга көнүл буралы. 2016-жылы Абжалиевдер үй-бүлөсү Сооронбай Жээнбеков менен кудалашты деген маалымат чыккан. Жээнбеков 2017-жылы президент болду. Бир жылдан кийин эле “Фемили групп” парктын жеринде үй кура баштаган. 2019-жылы ошол убакыттагы президент ал үйдүн тегерегинде парк салабыз деп, бул долбоорду тезинен бүтүрүш керек деп тапшырма берген. Ошол жылдын эле август айында жаңы парк салынып бүтүп, андан көп өтпөй “Фемили Резиденс” да даяр болгон.
Албетте, жаңы парктардын салынганы сонун болду. Ал тез эле бишкектиктердин сүймөнчүгүнө айланды. Бул жерде көптөгөн иш-чаралар өтөт. Эл сейилдегени чыгат. Бул жакшы. Бирок, бул жерде негизги суроо туулат: парктын ичинде курулуш жүргүзүүгө ким уруксат берген? Же бийликтегилердин туугандарына бийлик башкача иштейби?
Кыскасы, биз бул иликтөөдөгү материалдарга УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жана президент Садыр Жапаров өз көзөмөлүнө алып, укуктук баа берилет деген үмүттөбүз.
Кененирээк видеодо:




