№ 27 округ: БШК шайлоонун жыйынтыктарын бекитти

  • 2 месяца мурун

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) бүгүн, 7-декабрда, № 27 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттарды аныктады.  

 № 27 шайлоо округу боюнча төмөнкүлөр шайланган депутаттар деп булар таанылды:

— Түмөнбаев Акылбек – 13 445 добуш (22,13%);

— Муратбеков Табылды  – 5 992 добуш (9,86%);

— Молдобекова Гүлкан – 5 156 добуш (8,48%).

№ 27 шайлоо округу боюнча шайлоону уюштуруу үчүн 120 шайлоо участогу түзүлгөн, шайлоочулардын тизмесине 157 463 шайлоочу киргизилген. Алардын ичинен добуш берүүгѳ 61 465 шайлоочу катышкан, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 39,03% түздү.

Округдун ичиндеги шайлоо участокторунда 53 710 шайлоочу добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 34,1% түздү. 7 604 шайлоочу аралыктан добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 4,83% түздү. 

№ 27 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо БШК 24 талапкерди каттады, шайлоого 24 талапкер катышты.

Талапкерлер төмөнкүдөй добуш алды:

1. Алымбеков Искендер – 3 205 добуш (5,27%);

2. Дубанбаева Анар  – 203 добуш (0,33%);

3. Намазова Бурул – 926 добуш (1,52%);

4. Качкынов Самат – 1 232 добуш (2,03%);

5.Султанов Каныбек – 4 510 добуш (7,42%);

6. Муратбеков Табылды – 5 992 добуш (9,86%);

7. Шабданбаев Канат  2 905 добуш (4,78%);

8. Сураналиев Талгат – 1 321 добуш (2,17%);

9. Түмөнбаев Акылбек – 13 445 добуш (22,13%);

10. Асамудинов Бактыбек  – 270 добуш (0,44%);

11.    Атаев Акжол  – 1 247 добуш (2,05%);

12.    Таалайбеков Тагир – 1 180 добуш (1,94%);

13.    Исаматова Айзат – 1 757 добуш (2,89%);

14.    Жаилов Таалайбек – 2 285 добуш (3,76%);

15.    Молдобекова Гүлкан – 5 156 добуш (8,48%);

16.    Жумабекова Акылсайра – 1 004 добуш (1,65%);

17.  Асанкулова Алтынай  – 3 000 добуш (4,94%);

18.  Өзүбекова Жеңишгүл – 1 926 добуш (3,17%);

19.    Мерканов Адилет – 668 добуш (1,10%);

20.    Супатаева Альфира – 1 319 добуш (2,17%);

21.    Деркимбаева Асель – 1 837 добуш (3,02%);

22.    Абдыкалыкова Гүлбара  – 648 добуш (1,07%);

23.    Асакеев Ринат  – 1 161 добуш (1,91%);

24.    Алымбаева Эльнура  – 2 288 добуш (3,77%);

25.    “Баарына каршы” позициясына – 1 281 добуш (2,11%).

Шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө Ыкчам аракеттенүүчү координациялык топко  арыз түшкөн жок.

№ 27 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин шайланган депутаттары деп Түмөнбаев Акылбек, Муратбеков Табылды жана Молдобекова Гулкан таанылды.

Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын депутаттарын шайлоого добуш берүү 30-ноябрда өттү.

БШК парламенттик шайлоонун АСУдан алынган баштапкы жыйынтыктарын жарыялаган.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) округдук шайлоо комиссиясынын протоколдорунун маалыматтарынын негизинде парламенттик шайлоого добуш берүү аяктагандан кийин 13 күндүн ичинде же 14-декабрга чейин добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарат.

3-декабрда БШК парламенттик шайлоодо (БШК) №13 шайлоо участогундагы добуш берүү жыйынтыгын жокко чыгаруу чечимин кабыл алды.

Сүрөт коллажы: akipress.org

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты