№ 2 шайлоо округу: Депутаттар аныкталды

  • 2 месяца мурун

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) бүгүн, 7-декабрда № 2 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоонун натыйжаларын карады.  

№ 2 шайлоо округу боюнча төмөнкүлөр шайланган депутаттар деп таанылды:

— Атажанов Ырысбек  – 13 794 добуш (23,59%);

— Калпаев Бактыяр  – 6 981 добуш (11,94%);

— Аманова Бурун  – 5 078 добуш (8,69%).

№ 2 шайлоо округу боюнча шайлоону уюштуруу үчүн 92 шайлоо участогу түзүлгөн. Округдагы шайлоочулардын тизмесине 144 594 шайлоочу киргизилген, добуш берүүгѳ 59 172 шайлоочу, же 40,94% катышты.

Округдун ичиндеги шайлоо участокторунда 52 797 шайлоочу добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 36,53% түздү. 6375 шайлоочу аралыктан добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 4,41% түздү.

№ 2 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо КР БШКсы 14 талапкерди каттады, шайлоого 14 талапкер катышты.

Талапкерлер төмөнкүдөй санда шайлоочулардын добуштарын алышты:

1. Ахматова Сюита  – 3 484 добуш (5,96%);

2. Ганыев Каныбек – 4 299 добуш (7,35%);

3. Садыков Абдисатар  – 4 547 добуш (7,78%);

4. Аманова Бурун  – 5 078 добуш (8,69%);

5. Калпаев Бактыяр  – 6 981 добуш (11,94%);

6. Султанбекова Чолпон – 3 052 добуш (5,22%);

7. Абдипатта уулу Жумабек – 3 770 добуш (6,45%);

8. Абдуллаева Райхан – 334 добуш (0,57%);

9. Сайдимаров Чындыкбек – 1 245 добуш (2,13%);

10. Атажанов Ырысбек  – 13 794 добуш (23,59%);

11. Аскарова Элмира  – 1 202 добуш (2,06%);

12. Төлөмүшов Бегали – 4 391 добуш (7,51%);

13. Абсаттаров Азамат – 2 302 добуш (3,94%);

14. Надирбеков Айтбай – 3 466 добуш (5,93%);

15. “Баарына каршы” – 520 добуш (0,89%).

№ 2 шайлоо округу боюнча шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө Ыкчам аракеттенүүчү координациялык топко жалпы 19 арыз келип түштү. Алардын баары каралып, ар бир арыз (даттануу) боюнча чечимдер кабыл алынып, жазуу жүзүндөгү жооптор берилди

№ 2 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин шайланган депутаттары деп Атажанов Ырысбек, Калпаев Бактыяр жана Аманова Бурун.

Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын депутаттарын шайлоого добуш берүү 30-ноябрда өттү.

БШК парламенттик шайлоонун АСУдан алынган баштапкы жыйынтыктарын жарыялаган.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) округдук шайлоо комиссиясынын протоколдорунун маалыматтарынын негизинде парламенттик шайлоого добуш берүү аяктагандан кийин 13 күндүн ичинде же 14-декабрга чейин добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарат.

Сүрөт коллажы: kg akipress.org

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты