№ 15 округ: Тургунбек уулу, Турсунбаев, Абдибаева депутат болду

  • 2 месяца мурун

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) бүгүн, 7-декабрда, № 15 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттары деп Тургунбек уулу Нурланбекти, Турсунбаев Азизбекти, Абдибаева Айсараканды депутат деп эсептелээрин биодирди.

Шайлангандар мындай добуш алды:  

 Тургунбек уулу Нурланбек – 17 125 добуш (25,38%);

— Турсунбаев Азизбек – 10 713 добуш (15,87%);

— Абдибаева Айсаракан  – 3 988 добуш (5,91%).

№ 15 шайлоо округу боюнча шайлоону уюштуруу үчүн 104 шайлоо участогу түзүлгөн, шайлоочулардын тизмесине 160 200  шайлоочу киргизилген. Добуш берүүгѳ 68 228 шайлоочу же  42,59% катышты. 

 Округдун ичиндеги шайлоо участокторунда 59 691 шайлоочу добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 37,26% түздү. 8 537  шайлоочу аралыктан добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 5,33% түздү. 

№ 15 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо КР БШКсы 15 талапкерди каттады, шайлоого 15 талапкер катышты.

№ 15 шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 4-декабрындагы № 15 шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколуна ылайык талапкерлер төмөнкүдөй санда шайлоочулардын добуштарын алышты:

1. Керимбаев Мураталы – 3 693 добуш (5,47%);

2. Умаров Адыл – 2 491 добуш (3,69%);

3. Эшбаева Миргүл  – 1 405 добуш (2,08%);

4. Абдибаева Айсаракан  – 3 988 добуш (5,91%);

5. Абдибаева Салтанат – 551 добуш (0,82%);

6. Эрбаев Алишер  – 8 179 добуш (12,12%);

7. Туманбаева Рада  – 2 494 добуш (3,70%);

8. Мамыралиев Бектемир – 2 692 добуш (3,99%);

9. Мырзаев Мирлан – 259 добуш (0,38%);

10. Турсунбаев Азизбек — 10 713 добуш (15,87%);

11. Тургунбек уулу Нурланбек – 17 125 добуш (25,38%);

12. Өнөрбаева Рахия а – 1 434 добуш (2,12%);

13. Нариманов Тургунбек – 4 770 добуш (7,07%);

14. Нышанов Жайлообай  – 5 865 добуш (8,69%);

15. Кулбаева Зулайка  1 291 добуш (1,91%);

16. “Баарына каршы”  – 537 добуш (0,80%).

№ 15 шайлоо округу боюнча координациялык топко  жалпы 7 арыз түшүп, алардын баары каралды. Ар бир арыз (даттануу) боюнча чечимдер кабыл алынып, жазуу жүзүндөгү жооптор берилди.

БШК № 15 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 4-декабрындагы № 15 шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколунун негизинде Жогорку Кеңештин шайланган депутаттары деп Тургунбек уулу Нурланбек, Турсунбаев Азизбек жана Абдибаева Айсаракан таанылды.

Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын депутаттарын шайлоого добуш берүү 30-ноябрда өттү.

БШК парламенттик шайлоонун АСУдан алынган баштапкы жыйынтыктарын жарыялаган.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) округдук шайлоо комиссиясынын протоколдорунун маалыматтарынын негизинде парламенттик шайлоого добуш берүү аяктагандан кийин 13 күндүн ичинде же 14-декабрга чейин добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарат.

3-декабрда БШК парламенттик шайлоодо (БШК) №13 шайлоо участогундагы добуш берүү жыйынтыгын жокко чыгаруу чечимин кабыл алды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты