Клара Сооронкулова президенттикке талапкер болууга БШКга арыз жазды

Бүгүн, 12-ноябрда, Клара Сооронкулова Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер болуу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) арыз жазды.

Бул тууралуу БШК билдирди.

12-ноябрда Мамбетжунус Абылов президенттикке өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылды.

Президенттик шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө арыз менен кайрылуу бүгүн 2026-жылдын 12-ноябрында, саат 24:00дө аяктайт.

-11-ноябрда Амур Айба Медер президенттикке өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылды.

-11-ноябрда, Бактыбек Адылов;

-11-ноябрда Бактыбек Калмаматов;

-10-ноябрда президент Садыр Жапаров;

-6-ноябрда Исхак Масалиев;

-4-ноябрда Акай Кыдыров;

-27-октябрда Азамат Эсенбеков;

-14-октябрда Аймен Касенов президенттикке өзүн өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө БШКга арыз берген.

-28-октябрда Сыймык Жапыкеев президенттикке өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК)  кайрылды.

Президенттик шайлоого катышуу ниетин Өмүрбек Суваналиев, Эмил Жамгырчиев билдирди.

Президенттик шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө арыз менен кайрылуу бүгүн 2026-жылдын 12-ноябрында, саат 24:00дө аяктайт.

Кезектеги президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өткөрүлө тургандыгы тууралуу Жогорку Кеңеш 24-сентябрда чечим кабыл алды.

Сүрөт: БШК

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты