№ 10 округ: Шайлоонун жыйынтыктары бекитилди
- 2 месяца мурун
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) бүгүн, 7-декабрда, № 10 шайлоо округу боюнча шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө протокол бекитилди. Бул тууралуу БШК билдирди.
Төмөнкүлөр шайланган депутаттар деп таанылды:
— Зулушев Курманкул – 14 688 добуш (23,50%);
— Өмүрзаков Сүйүнбек 7 637 добуш (2,49%);
— Баатырова Гүлнара – 3 506 добуш (5,61%).
Шайлоону уюштуруу үчүн № 10 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча 106 шайлоо участогу түзүлгөн, шайлоочулардын тизмесине 136 685 шайлоочу киргизилген. Алардын ичинен добуш берүүгѳ 63 137 шайлоочу катышкан, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 46,19% түздү.
Округдун ичиндеги шайлоо участокторунда 52 275 шайлоочу добуш берди, шайлоо участокторунда добуш берүүчү шайлоочулардын тизмесине киргизилгендердин 38,24% түздү. 10 862 шайлоочу аралыктан добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 7,95% түздү.
№ 10 шайлоо округу боюнча шайлоодо БШК 16 талапкерди каттады, шайлоодо 16 талапкер катышты.
Талапкерлер төмөнкүдөй добуш алышты:
1. Кадырбек кызы Нуркыз – 3 202 добуш (5,12%);
2. Эсенбай уулу Талантбек – 2 976 добуш (4,76%);
3. Шалтакова Гүлбү – 789 добуш (1,26%);
4. Ормонов Улугбек – 6 735 (10,78%);
5. Өмүрзаков Сүйүнбек – 7 637 добуш (12,22%);
6. Касымова Нурзида – 403 добуш (0,64%);
7. Аттокуров Азрет Али – 4 288 добуш (6,86%);
8. Дыйканбаев Болотбек – 4 911 добуш (7,86%);
9. Нарматова Орозайым – 1 582 добуш (2,53%);
10. Саматов Жыргалбек – 1 188 добуш (1,90%);
11. Кыдыршаев Дамирбек – 1 093 добуш (1,75%);
12. Зулушев Курманкул – 14 688 добуш (23,50%);
13. Карашев Аалы – 3 663 добуш (5,86%);
14. Бакиров Артур – 628 добуш (1,00%);
15. Баатырова Гүлнара – 3 506 добуш (5,61%);
16. Эркебаев Шүкүрбек – 4 930 добуш (7,89%);
17. “Баарына каршы” добуш берген шайлоочулар – 284 добуш (0,45%).
Координациялык топко № 10 шайлоо округу боюнча жалпы 13 арыз жана даттануу келип түштү. Бардык арыздар каралды жана ар бир арыз (даттануу) боюнча чечимдер кабыл алынып, жазуу жүзүндөгү жооптор берилди. № 10 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин шайланган депутаттары деп Зулушев Курманкул, Өмүрзаков Сүйүнбек жана Баатырова Гүлнара таанылды.
Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын депутаттарын шайлоого добуш берүү 30-ноябрда өттү.
БШК парламенттик шайлоонун АСУдан алынган баштапкы жыйынтыктарын жарыялаган.
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) округдук шайлоо комиссиясынын протоколдорунун маалыматтарынын негизинде парламенттик шайлоого добуш берүү аяктагандан кийин 13 күндүн ичинде же 14-декабрга чейин добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарат.
Сүрөт коллажы: Интернет булактарынан




