БШК парламенттик шайлоо тартиби боюнча шайлоочуларга кайрылды

  • 2 месяца мурун

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (БШК) шайлоочуларга кайрылды.  

БШКнын кайрылуусуна айтылгандай, президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө конституциялык мыйзамынын 59-беренесине ылайык, шайлоо аракеттеринин мөөнөтү үчтөн бирге кыскарат.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн 30 көп мандаттуу шайлоо округу түзүлөт, алардын ар биринде Жогорку Кеңештин 3төн депутаты 5 жылдык мөөнөткө шайланат.

Мында шайлоочу өзүнүн тандоосу боюнча бир гана талапкерге добуш берүү укугуна ээ.

Жогорку Кеңештин 90 депутаты мажоритардык тутум боюнча көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча шайланат.

Көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү укугу саясий партияларга жана өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен жарандарга таандык.

Кайрылууда БШК кимдер шайлоо укугуна ээ, кимдер укуксуз, кимдер Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайлана алат, кимдер шайлана албайт жана башка суроолорго кеңири түшүндүрмө берди.    

Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты