БШК № 16 шайлоо округу боюнча шайлоонун жыйынтыктарын бекитти
- 1 месяц мурун
№ 16 көп шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңешин шайланган депутаттары деп Жумабеков Дастанбек, Чотонов Медер жана Кайрылбекова Медина таанылды.
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) бүгүн, 5-декабрда, № 16 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү деп таанылып, шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө протокол бекитилди.
Бул тууралуу БШК билдирди.
№ 16 шайлоо округу боюнча шайланган депутаттардын добушу:
— Жумабеков Дастанбек – 12 928 добуш (22,97%);
— Чотонов Медер – 10 164 добуш (18,06%);
— Кайрылбекова Медина – 8 951 добуш (15,90 %).
Шайлоону уюштуруу үчүн № 16 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча 82 шайлоо участогу түзүлгөн. Шайлоочулардын тизмесине 133 744 шайлоочу киргизилген. Алардын ичинен добуш берүүгѳ 57 031 шайлоочу катышкан, бул округдагы шайлоочулардын тизмесине киргизилгендердин 42,6% түздү.
Округдун ичиндеги шайлоо участокторунда 50 018 шайлоочу добуш берди. Шайлоо участокторунда добуш берүүчү шайлоочулардын тизмесине киргизилгендердин 37,40% түздү. 7013 шайлоочу аралыктан добуш берди, бул добуш бергендердин жалпы санынын 5,24% түздү.
БШК № 16 шайлоо округу боюнча депутаттыкка 10 талапкерди каттаган, шайлоого 10 талапкер катышты.
№ 16 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө № 16 округдук шайлоо комиссиясынын 3-декабрдагы протоколуна ылайык, талапкерлер төмөнкүдөй санда шайлоочулардын добуштарын алышты:
1. Жакышов Русланбек – 8 872 добуш (15,76%);
2. Жумабеков Дастанбек – 12 928 добуш (22,97%);
3. Кайрылбекова Медина – 8 951 добуш (15,90 %);
4. Биймырза уулу Азиз – 3 816 (6,78 %);
5. Сыйдалиева Мээрим – 1 399 добуш (2,49 %);
6. Чотонов Медер – 10 164 добуш (18,06%);
7. Расул кызы Миргүл – 2 662 добуш (4,73%);
8. Сүйүнбаев Медетбек 546 добуш (0,97%);
9. Мураталиев Марат – 5 005 добуш (8,89%);
10. Капалов Адылбек 1 275 добуш (2,27%);
11. “Баарына каршы” добуш берген шайлоочулар – 667 добуш (1,19%)
№ 16 шайлоо округу боюнча шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде ыкчам чара көрүү тобуна жалпы 6 арыз жана даттануу келип түшкөн. Алардын баары каралып, мыйзамдарга ылайык чечимдер кабыл алынып, жазуу жүзүндөгү жооптор берилди.
БШК № 16 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 4-декабрындагы № 16 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколунун негизинде, № 16 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү деп тааныды.
№ 16 көп шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңешин шайланган депутаттары деп Жумабеков Дастанбек, Чотонов Медер жана Кайрылбекова Медина таанылды.
Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын депутаттарын шайлоого добуш берүү 30-ноябрда өттү.
БШК парламенттик шайлоонун АСУдан алынган баштапкы жыйынтыктарын жарыялаган.
Сүрөт коллажы: Интернет булактарынан




