Элдар Абакиров №26 Чүй-Токмок-Кемин округу боюнча мыйзам бузууга байланыштуу кайрылуу жасады
Талапкер Элдар Абакиров парламенттик шайлоодогу №26 Чүй-Токмок-Кемин округу боюнча мыйзам бузууга байланыштуу кайрылуу жасады.
-Урматтуу Кыргызстандын жетекчилери, күч органдарын башкарган адамдар, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү! Менин сиздерге кайрылган себебим — шайлоонун жыйынтыгы боюнча. Шайлоо болду, жалпысынан жакшы өттү, добуш бергенге жакшы мүмкүнчүлүктөр түзүлдү. Бирок эки нерсени айтпай кетсем болбойт. Анткени 20 күн ичинде эки чоң мыйзам бузуу аныкталып, социалдык тармакка чыкты. Бул, биринчиден, Бишкек шаарында кайсы бир талапкер 80 миң доллар таратып, күнөөлүүлөр камалып, талапкер шайлоодон четтетилди. Экинчи чоң мыйзам бузуу Кемин районунда, Калмак-Ашуу айылында 5-6 киши 460 миң сом менен кармалды. Бирок эң кызыгы бул аягына чыкпай, акчанын ээси жоктой болуп калды. Бирок ал акчанын ээси бар, күч органдары жакшы каржыланып жатат, видеокамералар, бүт жабдыктар, эрк да бар. Эгер элдин таза шайлоого ишенимин ишке ашырам десе, күч органдары, БШК жана өлкөнүн жетекчилери тез эле күнөөлүүнү табат дагы, шайлоодон четтетет. Бул адилеттүү жана таза чечим болот. Эгер такыр эле табылбай кала турган болсо, анда №26 аймак боюнча шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылышы керек. Бул дагы туура чечим болмок. Ушул айткан эки чечимдин бири ишке ашышы керек. Мен кайрылуумду кагаз жүзүндө, Борбордук шайлоо комиссиясына, күч органдарына арыз жазып жатам,-деди талапкер Элдар Абакиров.
Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берди жана ЖКМ өкүлдөрүнө билдирүү жасады. Шайлоочулар добуш сатып алган учурлар болуп жатканын билдирди.
-Бир эле проблема болуп жатат азыр, шайлоочулар добуш сатып жиберген учурлар, талапкерлер сатып алган моменттер болуп жатат,-деп айтты президент.
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров (БШК) билдиргендей, шайлоо кампаниясы башталгандан бүгүнкү күнгө чейин шайлоо мыйзамдарын бузуу боюнча жалпысынан 261 кайрылуу-билдирүү түшкөн. Алардын 124ү – үгүт шарттарын бузгандыгы тууралуу, 37си – талапкердин ар намысына шек келтиргендиги тууралуу, административдик ресурстун колдонулгандыгы тууралуу — 8 арыз, добуштарды сатып алуу боюнча – 41. Калган 51 арыз – ар кандай маселелер.
Төраганын айтымында, добуш берүү күнүндө добуш сатып алуулар боюнча арыз-кайрылуулар көбөйдү.
“Тиешелүү укук коргоо органдары мыйзамга ылайык иликтөө иштерин жүргүзүп жатышат. Бүгүң-эртең ар бир факт боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүп, укуктук баалар берилет. Алардын канчалык негиздүү болгонун өз кезегинде прокуратура органдары көзөмөлгө алат” деди БШК төрагасы Шайназаров.
Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын депутаттарын шайлоого добуш берүү 30-ноябрда саат 20:00дө аяктады.
БШК парламенттик шайлоонун АСУдан алынган баштапкы жыйынтыктарын жарыялап жатат. Баштапкы жыйынтыктар боюнча №26 Чүй-Токмок-Кемин округу боюнча Медербек Саккараев менен Эркинбек Исеналиев өттү деп эсептелүүдө. Андан кийинки жыйынтык Элдар Абакировдуку. Бирок аялдар квотасы менен, эки эркек талапкерден кийинки орун аял талапкерге берилиши шарт, демек, Жамила Исаевага ыйгарылмакчы.
Элдар Абакиров — VII чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты. Парламенттин мөөнөтүнөн мурда шайлоодо №26 Чүй-Токмок-Кемин округу боюнча талапкер.
Сүрөт: kenesh.kg




