№ 22 округ: Бекешев, Ибрагимов, Кожокулова шайланды деп эсептелди
- 1 месяц мурун
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) бүгүн, 7-декабрда, № 22 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоодо депутат деп, Бекешев Дастан, Ибрагимов Болот жана Кожокулова Гуля эсептелди.
Бул тууралуу БШК билдирди.
Алар мындай добуш алды:
№ 22 шайлоо округу боюнча төмөнкүлөр шайланган депутаттар деп таанылды:
— Бекешев Дастан – 17378 добуш 43,08 %;
— Ибрагимов Болот – 8128 добуш 20,15 %;
— Кожокулова Гуля – 1214 добуш –3,01%;
№ 22 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоону уюштуруу үчүн 60 шайлоо участогу жана кошумча 2 аралыктан добуш берүү участогу ачылып, шайлоочулардын тизмесине 136 100 шайлоочу киргизилген.
Добуш берүүгѳ 40 758 шайлоочу же 26,00% катышты. Округдун ичиндеги шайлоо участокторунда 35 386 шайлоочу добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 26,00% түздү. 5372шайлоочу аралыктан добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 3,95% түздү.
№ 22 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо БШК 16 талапкерди каттады, шайлоого 15 талапкер катышты.
№ 22 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 5-декабрындагы № 22 шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколуна ылайык, талапкерлер төмөнкүдөй санда шайлоочулардын добуштарын алды:
1. Атанов Ирлан -247 добуш 0,61 %;
2. Мусуралиев Туратбек — 260 добуш 0,64 %;
3.Абдыкадыров Эмилбек Мырзакулович – 3704 добуш 9,18 %;
4. Ибрагимов Болот – 8128 добуш 20,15 %;
5.Узакова Аида – 904 добуш 2,24 %;
6. Бекешев Дастан – 17378 добуш 43,08 %;
7. Каниметов Самат – 265 добуш 0,66 %;
8. Абдырахманов Кубанычбек –248 добуш – 0,61 %;
9. Бахшалиев Хансывар – 112 добуш – 0,28 %;
10. Абсалиев Ахматали – 96 добуш – 0,24 %;
11. Досалиев Эльмир – 6071 добуш 15,05 %;
12. Абдырахманов Сагынбек – 257 добуш 0,64 %;
13. Кожокулова Гуля – 1214 добуш –3,01%;
14. Осмонбетова Венера – 152 добуш – 0,38 %;
15. Каттоосу жокко чыгарылган;
16. Иманбек кызы Бактыгул – 305 добуш – 0,76 %;
17. “Баарына каршы” – 998 добуш (2,47%).
№ 22 шайлоо округу боюнча шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө Ыкчам аракеттенүүчү координациялык топко 3 арыз түштү.
Ар бир арыз боюнча чечимдер кабыл алынып, жазуу жүзүндөгү жооптор берилди. КР
№ 22 көп шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин шайланган депутаттары деп Бекешев Дастан, Ибрагимов Болот жана Кожокулова Гуля таанылды.
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) округдук шайлоо комиссиясынын протоколдорунун маалыматтарынын негизинде парламенттик шайлоого добуш берүү аяктагандан кийин 13 күндүн ичинде же 14-декабрга чейин добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарат.
Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын депутаттарын шайлоого добуш берүү 30-ноябрда өттү.
БШК парламенттик шайлоонун АСУдан алынган баштапкы жыйынтыктарын жарыялаган.
Сүрөт: Интернет булактарынан




