№ 1 шайлоо округу боюнча шайлоонун жыйынтыктары бекитилди

  • 1 месяц мурун

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) бүгүн, 8-декабрда № 1 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Ажибаев Чынгыз, Жороев Исманали жана Талиева Камила депутат болуп шайланды деп таанылды. Бул тууралуу БШК билдирди.  

 № 1 шайлоо округу боюнча төмөнкүлөр шайланган депутаттар мындай добуш алды:

— Ажибаев Чыңгыз – 10 476 добуш (18,18%);

— Жороев Исманали  – 8 715 добуш (15,12%)

— Талиева Камила – 5 377 добуш (9,33%)

№ 1 шайлоо округу боюнча шайлоону уюштуруу үчүн 90 шайлоо участогу түзүлгөн. Округдагы шайлоочулардын тизмесине 136 175 шайлоочу киргизилген, добуш берүүгѳ 58 316 шайлоочу, же 42,82% катышты.

Округдун ичиндеги шайлоо участокторунда 49 913шайлоочу добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин, 36,65% түздү.

8 403 шайлоочу аралыктан добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 6,17% түздү.

№ 1 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо БШК 17 талапкерди каттады, шайлоого 17 талапкер катышты.

Талапкерлер төмөнкүдөй санда шайлоочулардын добуштарын алышты:

1. Жороев Исманали – 8 715 добуш (15,12%);

2. Жусупов Аширбай – 3 243 добуш (5,63%);

3. Токторов Бактыяр – 2 018 добуш (3,50%);

4. Айдарова Айгүл – 2 763 добуш (4,79%);

5. Каландаров Зарипбек – 843 добуш (1,46%);

6. Салимбеков Кенжебек – 1 056 добуш (1,83%);

7. Дуулатова Сайрагүл – 412 добуш (0,71%);

8. Набиева Асель – 3 542 добуш (6,15%);

9. Ажибаев Чынгыз – 10 476 добуш (18,18%);

10. Ахмедов Канатбек – 2 988 добуш (5,19%);

11. Талиева Камила  – 5 377 добуш (9,33%);

12. Ураимов Алихан – 1 557 добуш (2,70%);

13. Дыйканов Максатбек – 2 426 добуш (4,21%);

14. Темирбаева Миргүл – 3 185 добуш (5,53%);

15. Каразаков Жунусбек – 625 добуш (1,08%);

16. Тагаев Мирлан  – 2 219 добуш (3,85%);

17. Исаев Абдикасыт – 5 643 добуш (9,79%);

18. “Баарына каршы” – 538 добуш (0,93%).

№ 1 шайлоо округу боюнча шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө Ыкчам аракеттенүүчү координациялык топко жалпы 15 арыз түштү.

Келип түшкөн бардык билдирүүлөр каралды жана ар бир билдирүү боюнча чечимдер

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) округдук шайлоо комиссиясынын протоколдорунун маалыматтарынын негизинде парламенттик шайлоого добуш берүү аяктагандан кийин 13 күндүн ичинде же 14-декабрга чейин добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарат.

Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын депутаттарын шайлоого добуш берүү 30-ноябрда өттү.

БШК парламенттик шайлоонун АСУдан алынган баштапкы жыйынтыктарын жарыялаган.

Сүрөт коллажы: kg.akipress.org

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты