№ 26 шайлоо округу боюнча Саккараев, Исеналиев, Исаева депутат болду
- 1 месяц мурун
- Баяндар
Борбордук шайлоо комиссиясы 8-декабрда № 26 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоонун жыйынтыктары боюнча Саккараев Медербек, Исеналиев Эркинбек жана Исаева Жамиля депутат болду деп эсептеди.
Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) билдирди.
№ 26 шайлоо округу боюнча үч талапкер мындай добуш алды6
— Саккараев Медербек –11 978 добуш (22,33%);
— Исеналиев Эркинбек – 11 265 добуш (21,00%);
— Исаева Жамиля – 5 944 добуш (11,08%).
№ 26 шайлоо округу боюнча шайлоону уюштуруу үчүн 84 шайлоо участогу түзүлгөн. Округдагы шайлоочулардын тизмесине 132 278 шайлоочу киргизилген, добуш берүүгѳ 53 664 шайлоочу же 37,84% катышты.
Округдун ичиндеги шайлоо участокторунда 50 059 шайлоочу добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин, 37,84% түздү.
3 588 шайлоочу аралыктан добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 2,72% түздү.
№ 26 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо БШК 17 талапкерди каттады, шайлоого 17 талапкер катышты.
№ 26 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 4-декабрындагы № 1 чечими № 7028, № 7029 жана № 7030 шайлоо участкаларындагы добуш берүүнүн жыйынтыктары жокко чыгарылган.
№ 26 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары 81 шайлоо участкасында чыгарылды.
Талапкерлер төмөнкүдөй санда шайлоочулардын добуштарын алышты:
1. Борончиева Айгерим – 172 добуш (0,32%);
2. Айтимбетова Айсулуу – 743 добуш (1,38%);
3. Аскарова Айнура – 1 059 добуш (1,97%);
4. Абакиров Эльдар – 7 067 добуш (13,17%);
5. Сыдыгалиев Нурмухамед – 1 382 добуш (2,58%);
6. Бейшенбаева Гүлниза –695 добуш (1,30%);
7. Абдылас Жаркын – 1 099 добуш (2,65%);
8. Саккараев Медербек –11 978 добуш (22,33%);
9. Ботобаев Айбек – 978 добуш (1,82%);
10. Бейшеналиев Алымкадыр – 5 784 добуш (10,78%);
11. Исаев Акжол – 1 689 добуш (3,15%);
12. Курманалиева Гүлназ – 271 добуш (0,51%);
13. Исеналиев Эркинбек – 11 265 добуш (21,00%);
14. Субанов Айбек – 266 добуш (0,50%);
15. Исаева Жамиля – 5 944 добуш (11,08%);
16. Кожомкулов Фархат – 116 добуш (0,22%);
17. Мурсалиев Акылбек – 886 добуш (1,65%);
18. “Баарына каршы” – 1 372 добуш (2,56%).
№ 26 шайлоо округу боюнча шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө Ыкчам аракеттенүүчү координациялык топко жалпы 4 арыз түштү. Келип түшкөн бардык билдирүүлөр каралды жана ар бир билдирүү боюнча чечимдер кабыл алынып, жазуу жүзүндөгү жооптор берилди. БШК № 26 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин шайланган депутаттары деп Саккараев Медербек, Исеналиев Эркинбек жана Исаева Жамиля таанылды.
Аталган №26 округ боюнча талапкер Элдар Абакиров кайрылуу жасап, мыйзам бузуу тууралуу билдирүү жасап, күнөөлүү табылышы керектигин, эгер табылбаса, бул округ боюнча шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылыш керектигин билдирген:
…Кемин районунда, Калмак-Ашуу айылында 5-6 киши 460 миң сом менен кармалды. Бирок эң кызыгы бул аягына чыкпай, акчанын ээси жоктой болуп калды. Бирок ал акчанын ээси бар, күч органдары жакшы каржыланып жатат, видеокамералар, бүт жабдыктар, эрк да бар. Эгер элдин таза шайлоого ишенимин ишке ашырам десе, күч органдары, БШК жана өлкөнүн жетекчилери тез эле күнөөлүүнү табат дагы, шайлоодон четтетет. Бул адилеттүү жана таза чечим болот. Эгер такыр эле табылбай кала турган болсо, анда №26 аймак боюнча шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылышы керек. Бул дагы туура чечим болмок. Ушул айткан эки чечимдин бири ишке ашышы керек,-деген.
БШК 8-декабрда № 26 шайлоо округунан талапкерлер Эльдар Абакиров, Гүлниза Бейшенбаева жана Акжол Исаевдин арызын канааттандыруудан баш тартты. Алар БШКга № 26 округдук шайлоо комиссиясынын 4-декабрындагы №1 токтомуна ылайык №7028, №7029 жана №7030 шайлоо участкаларында добуш берүүнүн жыйынтыктарын жокко чыгаруу жөнүндө арыз менен кайрылышкан.
Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматынын башчысы Султан Макилов №26 шайлоо округунда 460 миң сом менен кармалган шектүүлөр боюнча “Медиахабга” кармалган киши Саккараев менен байланышы жок экенин, тергөө жүрүп жатканын билдирген.
Сүрөт коллажы: kg.akipress.org




