БШК № 30 шайлоо округу боюнча шайлоонун жыйынтыгын бекитти
- 2 месяца мурун
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) бүгүн, 7-декабрда № 30 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоонун жыйынтыгын бекитти. № 30 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өттү деп, төмөнкүлөр шайланган депутаттар деп таанылды:
— Самаков Кубанычбек – 13 333 добуш (21,62 %);
— Бакасов Улан – 11 411 добуш (18,5 %);
— Таалайбек кызы Жылдыз – 7 243 добуш (11,75 %).
№ 30 шайлоо округу боюнча шайлоону уюштуруу үчүн 103 шайлоо участогу түзүлгөн, шайлоочулардын тизмесине 136 461 шайлоочу киргизилген. Добуш берүүгѳ 62 206 шайлоочу катышты, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 45,59% түздү.
Округдун ичиндеги шайлоо участокторунда 48 575 шайлоочу добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмесине киргизилгендердин 35% түздү. 13 631 шайлоочу аралыктан добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмесине киргизилгендердин 9,99% түздү.
№ 30 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо КР БШКсы 14 талапкерди каттады, шайлоого 14 талапкер катышты.
№ 30 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 4-декабрындагы № 30 шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколуна ылайык талапкерлер төмөнкүдөй санда шайлоочулардын добуштарын алышты:
1. Жайлообаев Айбек – 1 936 добуш (3,14 %);
2. Сыдыков Мурадил – 10 422 добуш (16,9 %);
3. Куленбеков Ырысбек – 255 добуш (0,41 %);
4. Нурдинов Бейшеналы – 2 474 добуш (4,01 %);
5. Бакасов Улан – 11 411 добуш (18,5 %);
6. Самыйкожо Мирлан – 5 724 добуш (9,28 %);
7. Мыктыбекова Айдана – 363 добуш (0,59 %);
8. Капаров Чыңгыз – 544 добуш (0,88 %);
9. Осмоналиева Ханзада – 2 383 добуш (3,86 %);
10. Самаков Кубанычбек – 13 333 добуш (21,62 %);
11. Абдыкадыров Адылбек – 2 164 добуш (3,51 %);
12. Мөндүрбаева Ырысбүбү – 1 003 добуш (1,63 %);
13. Жумаканов Мустафа – 1 470 добуш (2,38 %);
14. Таалайбек кызы Жылдыз – 7 243 добуш (11,75 %);
15. “Баарына каршы” – 942 добуш (1,53%).
№ 30 шайлоо округу боюнча шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө Ыкчам аракеттенүүчү координациялык топко жалпы 9 арыз (даттануу) келип түшүп, алардын баары каралды..
№ 30 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин шайланган депутаттары деп Самаков Кубанычбек, Бакасов Улан жана Таалайбек кызы Жылдыз таанылды.
Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын депутаттарын шайлоого добуш берүү 30-ноябрда өттү.
БШК парламенттик шайлоонун АСУдан алынган баштапкы жыйынтыктарын жарыялаган.
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) округдук шайлоо комиссиясынын протоколдорунун маалыматтарынын негизинде парламенттик шайлоого добуш берүү аяктагандан кийин 13 күндүн ичинде же 14-декабрга чейин добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарат.
3-декабрда БШК парламенттик шайлоодо (БШК) №13 шайлоо участогундагы добуш берүү жыйынтыгын жокко чыгаруу чечимин кабыл алды.
Сүрөт: Интернет булактарынан




