№ 28 округдан: Көкүлов, Сагынаев, Жунушбаева шайланды деп табылды
- 2 месяца мурун
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) бүгүн, 7-декабрда, № 28 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө маселени карап, токтом кабыл алды.
БШКнын 7-декабрдагы маалыматына ылайык, №28 округдан бул талапкерлер шайланган депутаттар деп таанылды:
— Кокулов Эрулан – 11 619 добуш (20,35%);
— Сагынаев Болот – 9 254 добуш (16,21%);
— Жунушбаева Рахат – 6 724 добуш (11,78%).
№ 28 шайлоо округу боюнча шайлоону уюштуруу үчүн 108 шайлоо участогу участогу түзүлүп, шайлоочулардын тизмесине 160 044 шайлоочу киргизилген.
Добуш берүүгѳ 57 677 шайлоочу же 25,42% катышты. Округдун ичиндеги шайлоо участокторунда 29339 шайлоочу добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 36,04% түздү.
Округдун ичиндеги шайлоо участокторунда 48 506 шайлоочу добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 30,31% түздү.
Округдун ичиндеги шайлоо участокторунда 48 506 шайлоочу добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 30,31% түздү.
9 171 шайлоочу аралыктан добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 5,73% түздү.
№ 28 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо КР БШКсы 16 талапкерди каттады, шайлоого 16 талапкер катышты.
№ 28 округдун талапкерлери төмөнкүдөй санда шайлоочулардын добуштарын алышты:
1.Усенова Элмира – 3 015 добуш (5,28%);
2. Түлөбаев Балбак – 4 297 добуш (7,53%);
3. Жунушбаева Рахат – 6 724 добуш (11,78%);
4. Абдымамбетова – 728 добуш (1,28%);
5. Малиев Арсланбек – 1 766 добуш (3,09%);
6. Сагынаев Болот – 9 254 добуш (16,21%);
7. Онгоев Нурлан – 1 003 добуш (1,76%);
8. Кокулов Эрулан – 11 619 добуш (20,35%);
9. Исмаилов Муратбек – 5 279 добуш (9,25%);
10. Жолдошбеков Эралы – 220 добуш (0,39%);
11. Жунушалиева Мээрим 1 383 добуш (2,42%);
12. Дороев Азамат – 5 774 добуш (10,12%);
13. Ибраев Саматбек 1 640 добуш (2,87%);
14. Оморова Айнур – 1 911 добуш (3,35%);
15. Асанакунова Жылдыз – 624 добуш (1,09%);
16. Кемелов Акыл – 978 добуш (1,71%);
17. «Баарына каршы» – 867 добуш (1,52%).
№ 28 шайлоо округу боюнча 3 арыз түшкөн.
№ 28 көп шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин шайланган депутаттары деп Кокулов Эрулан, Сагынаев Болот жана Жунушбаева Рахат таанылды.
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) округдук шайлоо комиссиясынын протоколдорунун маалыматтарынын негизинде парламенттик шайлоого добуш берүү аяктагандан кийин 13 күндүн ичинде же 14-декабрга чейин добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарат.
Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын депутаттарын шайлоого добуш берүү 30-ноябрда өттү.
БШК парламенттик шайлоонун АСУдан алынган баштапкы жыйынтыктарын жарыялаган.
Сүрөт коллажы: kg.akipress.org




