БШК шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгын 14-декабрга чейин чыгарат
- 1 неделя мурун
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) округдук шайлоо комиссиясынын протоколдорунун маалыматтарынын негизинде парламенттик шайлоого добуш берүү аяктагандан кийин 13 күндүн ичинде же 14-декабрга чейин добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарат.
Бул тууралуу БШК билдирди.
Мыйзамдарга ылайык, шайлоо округдарындагы Маалыматтык шайлоо тутумунун баштапкы маалыматтары болжолдуу болуп эсептелет. Участкалык шайлоо комиссиялары добуштарды кол менен санагандан кийин, добуш берүүнү жыйынтыктайт.
Шайлоо участкаларында добуш берүүнүн жыйынтыгы чыгарылгандан кийин, үч күндүн ичинде округдук шайлоо комиссияларына даттанууга болот.
Округдук шайлоо комиссиялары участкалык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу протоколдорунун негизинде округдагы добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарат.
Округдук шайлоо комиссияларынын чечимдери боюнча шайлоонун жыйынтыгы чыккандан кийин үч күндүн ичинде Борбордук шайлоо комиссиясына даттанууга болот.
Борбордук шайлоо комиссиясы округдук шайлоо комиссиясынын протоколдорунун маалыматтарынын негизинде добуш берүү аяктагандан кийин, 13 күндүн ичинде же 14-декабрга чейин добуш берүүнүн жыйынтыгын аныктайт.
Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимине каршы үч күндүн ичинде даттанууга болот.
Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого добуш берүү Кыргызстанда 30-ноябрда саат 20:00дө аяктады. Бардык шайлоо тилкелери ишин жыйынтыктады.
БШК парламенттик шайлоонун АСУдан алынган баштапкы жыйынтыктарын жарыялап жатат.
Сүрөт: Интернет булактарынан




