№8 округдан Жылдыз Жолдошова өтпөй калды. Акаев, Примов, Төрөбекова депутат болду

  • 1 месяц мурун

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 8-декабрда № 8 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча шайланган депутаттары деп Акаев Жанарбек, Примов Улан жана Төрөбекова Нуржамал таанылды. Баштапкы жыйынтык боюнча Төрөбекованын ордуна Жылдыз Жолдошова алдыда келе жаткандыгы белгилүү болгон.    

Бул тууралуу БШК билдирди.

№ 8 шайлоо округу боюнча алдыңкы үч орунга мындай добуш туура келди:    

— Акаев Жанарбек – 13 856 добуш (9,73%);
— Примов Улан – 11 009 добуш (7,74%);
— Төрөбекова Нуржамал  – 3 145 добуш (2,21%) менен өттү.

Ал эми Жолдошова Жылдызкан – 2 590 добуш (1,82%) өтпөй калды.

№ 8 шайлоо округу боюнча шайлоону уюштуруу үчүн 101 шайлоо участогу түзүлгөн, шайлоочулардын тизмесине 142 474 шайлоочу киргизилген, добуш берүүгѳ 59 862 шайлоочу же 42,08% катышты.
Округдун ичиндеги шайлоо участокторунда 49 490 шайлоочу добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмесине киргизилгендердин, 34,78% түздү. 10 372 шайлоочу аралыктан добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 7,29% түздү. 

№ 8 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо КР БШКсы 21 талапкерди каттады, шайлоого 21 талапкер катышты.
№ 5514, № 5249 шайлоо участкаларындагы добуш берүүнүн жыйынтыктары жокко чыгарылды.
№8 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары 99 шайлоо участкасында чыгарылды.

Талапкерлер төмөнкүдөй санда шайлоочулардын добуштарын алышты:
1. Жумаева Динара — 522 добуш (0,36%);
2. Матисаков Бешболуш  – 475 добуш (0,33%);
3. Турганбаев Дөөлөтбек – 517 добуш (0,36%);
4. Акаев Жанарбек  – 13 856 добуш (9,73%);
5. Баатыркулов Зайнал  – 2 369 добуш  (1,66%);
6. Сүтүева Гүласыл – 814 добуш (0,57%);
7. Семетей кызы Айзирек – 256 добуш (0,18%);
8. Киргизова Раиса – 1 786 добуш (1,25%);
9. Бердиев Аккулу – 2 981 добуш (2,09%); 
10. Төрөбекова Нуржамал – 3 145 добуш (2,21%); 
11. Калмаматова Элиза – 1 077 добуш (0,75%); 
12. Мамажакыпова Чынара – 224 добуш (0,15%); 
13. Токторов Мырзабек – 1 788 добуш (1,25%); 
14. Сарыбашов Таалайбек – 8796 добуш (6,18%); 
15. Мадазимов Бекболот  – 952 добуш (0,66%); 
16. Жолдошова Жылдызкан – 2 590 добуш (1,82%); 
17. Ашимова Динара  – 1 680 добуш (1,18%); 
18. Патиев Нурканбек – 478 добуш (0,33%); 
19. Токторова Карамат – 470 добуш (0,33%); 
20. Мамырова Бөдөш – 601 добуш (0,42%); 
21. Примов Улан  – 11 009 добуш (7,74%);
22. «Баарына каршы» – 566 добуш (0,39%).

№ 8 шайлоо округу боюнча координациялык топко жалпы 8 арыз түштү. Бардык билдирүүлөр каралды жана ар бир билдирүү боюнча чечимдер кабыл алынып, жазуу жүзүндөгү жооптор берилди.

Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоодо №8 округдан талапкер Жылдызкан Жолдошова мыйзамсыздыкка кабылганын, БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров анын ордуна жээни Нуржамал Төрөбекованы өткөрүү аракетинде болуп, башка округдагы акча таратуу боюнча видеону анын округуна жармаштырып жатканын Фейсбук баракчасы аркылуу билдирди.  

Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын депутаттарын шайлоого добуш берүү 30-ноябрда өттү.

БШК парламенттик шайлоонун АСУдан алынган баштапкы жыйынтыктарын жарыялаган.

Баштапкы жыйынтык боюнча аталган №8 шайлоо округунан Жанарбек АкаевПримов Улан, Жылдызкан Жолдошова алдыда келе жаткан.

Сүрөт коллажы: kg.akipress.org

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты