Айсулуу Мукашеваны өлтүрүүгө шектүү бир нече кылмыштарын мойнуна алган. Иликтөө

ЭлТР телеканалы ички иштер органдары биргелешип, Айсулуу Мукашеваны өлтүрүүгө шектүү 41 жаштагы А.К. мурда жасаган кылмыштарын да мойнуна алганы иликтөө жарыялады.

Учурда ачыкталып жаткан маалыматтарга ылайык, Айсулуу Мукашеваны өлтүрүүгө шектүү, 41 жаштагы А.К. 2014-жылы Камила Дүйшөбаеваны да муунтуп өлтүргөнүн мойнуна алган.   

А.К. бир нече жолу адам өлтүрүүгө барганы айтылат. Ошол кездерде судьялар чечимдерди алмаштырып койгон.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Аида Салянова 2019-жылдын 24-январында Камила Дүйшөбаеванын өлүмү саясий өңүт алып жатканын айткан.

“Бул жерде эң өкүнүчтүү нерсе, кыздын өлүмү саясий максатта пайдаланылып, коомчулукта көп айтыла баштады. Ошол эле учурда чыныгы кылмышкер биздин арабызда жүрөт. Бирок ал менин тууганым эмес” деп айткан Салянова.

2014-жылы 10-мартта белгисиз себептер менен 19 жаштагы Камила Дүйшөбаева өлтүрүлгөн. Кылмыш иши коомчулуктун көңүлүн буруп, ИИМдин мурдагы министри Мелис Турганбаев ишти аягына чыгарууга убада берген.

2016-жылы 21-ноябрда министрликтин кийинки жетекчиси Кашкар Жунушалиев да кылмыш ишин иликтей тургандыгын айткан.

Милициянын ырасташынча, 2014-жылы 10-мартта Калыбек Элтуйбасов сауналардын бириндеги көзмөл камерадагы жаздырууну өчүргөн. Ага эс алуучу жайдын жетекчиси Насыр Алмаматов жардам берген. Ошол учурда видео милицияга да керек болгон.

Экс-баш прокурор Аида Салянованын агасы Калыбек Элтуйбасов (Салянов) үй-бүлөсү менен АКШдан саясий баш паанек алып кеткен.

Калыбек Элтуйбасовго Камила Дүйшөбаеванын өлүмүнө байланыштуу өндүрүштүк тергөөгө тоскоол болгону үчүн сыртынан айып тагылган. ИИМдин башкы иликтөө башкармалыгы ага кылмыш ишин козгогон.

Ал эми ушул жылдын 27-сентябрындагы Айсулуу Мукашеванын өлүмү мурдагы кылмыштардын бетин ачып жатат.

27-сентябрь күнү 17 жаштагы Айсулуу Мукашева мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. 27-сентябрда болжол менен саат 12:45 чамасында Барскоон айылына күн чыгыш тарабынан кирип бара жаткан май куюучу жайдын биринин видео көзөмөл камерасынан дайынсыз болуп жаткан М.А. «Honda Stream» үлгүсүндөгү автоунаага отуруп кеткендиги аныкталган. Унааны А.К. аттуу адам башкаргандыгы белгилүү болуп, шектүүнү кармоо максатында «Кармоо планы» киргизилген.

Шектүү А.К. ошол эле күнү М.А.ны Honda Stream  үлгүсүндөгү  авто унаасына салып, Жеңиш айылынын «Азамат» пляжынын түштүк тарабында жайгашкан алма багына алып барган. Ал жерде болжол менен саат 13:00 чамасында жабырлануучуга күч колдонуп зордуктаган. Андан соң Тоң районунун Кажы-Сай айылынын чыгыш тарабында жайгашкан көлмөнүн жанына алып барып мыкаачылык менен муунтуп өлтүргөндүгү аныкталган.

Аталган факты Жети-Өгүз РИИБдин тергөө кызматы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон.

17 жаштагы Айсулуу Мукашеваны мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектелген 41 жаштагы А.К. Жети-Өгүз райондук сотунун чечими менен эки айга камакка алынды. 

Сүрөттө: Шектүү. ИИМ басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты