№ 11 шайлоо округу: Депутаттар аныкталды

  • 2 месяца мурун

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) бүгүн, 7-декабрда, № 11 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө маселени карап, токтом кабыл алды.

№ 11 шайлоо округу боюнча төмөнкүлөр шайланган депутаттар деп таанылды:

— Ташиев Шаирбек  – 24 302 добуш (55,84 %);

— Кылычбаев Алтынбек – 7 447 добуш (17,11 %);

— Салямова Венера  – 4 839 добуш (11,12 %).

№ 11 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоону уюштуруу үчүн 75 шайлоо участогу түзүлгөн, шайлоочулардын тизмесине 155 495 шайлоочу киргизилген. Добуш берүүгѳ 44 106 шайлоочу, же 28,36% катышты.

Округдун ичиндеги шайлоо участокторунда 40 212 шайлоочу добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 25,86% түздү. 3 894 шайлоочу аралыктан добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 2,50% түздү.

№ 11 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо БШК 5 талапкерди каттады, шайлоого 5 талапкер катышты.

№ 11 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 3-декабрындагы № 11 шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколуна ылайык талапкерлер төмөнкүдөй санда шайлоочулардын добуштарын алышты:

1. Салямова Венера – 4 839 добуш (11,12 %);

2. Ташиев Шаирбек  – 24 302 добуш (55,84 %);

3. Камчибекова Нуржамал а – 1 219 добуш (2,80 %);

4. Кылычбаев Алтынбек – 7 447 добуш (17,11 %);

5. Калбердиева Мавлюда  – 4 605 добуш (10,58 %);

6. “Баарына каршы” – 1 105 добуш (2,54 %).

№ 11 шайлоо округу боюнча шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө Ыкчам аракеттенүүчү координациялык топко арыз  түшкөн эмес.

 БШКы, № 11 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 3-декабрындагы № 11 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколунун негизинде, шайлоо мыйзамдарына ылайык № 11 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү деп тааныды.

№ 11 көп шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин шайланган депутаттары деп Ташиев Шаирбек, Кылычбаев Алтынбек жана Салямова Венера таанылды.

Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын депутаттарын шайлоого добуш берүү 30-ноябрда өттү.

БШК парламенттик шайлоонун АСУдан алынган баштапкы жыйынтыктарын жарыялаган.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) округдук шайлоо комиссиясынын протоколдорунун маалыматтарынын негизинде парламенттик шайлоого добуш берүү аяктагандан кийин 13 күндүн ичинде же 14-декабрга чейин добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарат.

3-декабрда БШК парламенттик шайлоодо (БШК) №13 шайлоо участогундагы добуш берүү жыйынтыгын жокко чыгаруу чечимин кабыл алды.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты