БШК № 29 шайлоо округу боюнча шайлоонун жыйынтыктарын бекитти

  • 1 месяц мурун

Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 7-декабрда № 29 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө маселени карап, шайлоонун жыйынтыктарын бекитти.

№ 29 шайлоо округу боюнча төмөнкүлөр шайланган депутаттар деп таанылды:

— Сыдыгалиев Нурбек – 13 067 добуш (23,45%);

— Белеков Адилет  – 9 535 добуш (17,11%);

— Жунушалиева Гүлсүнкан  – 6 688 добуш (12%).

№ 29 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоону уюштуруу үчүн 102 шайлоо участогу түзүлгөн, шайлоочулардын тизмесине 137 758 шайлоочу киргизилген.

Алардын ичинен добуш берүүгѳ 56 307 шайлоочу катышты, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 40,87% түздү.

Округдун ичиндеги шайлоо участокторунда 46 344 шайлоочу добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмесине киргизилгендердин 33,64% түздү. Аралыктан 9 963 шайлоочу добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмесине киргизилгендердин 7,23% түздү.

№ 29 шайлоо округу боюнча БШК 13 талапкерди каттады, шайлоого 13 талапкер катышты.

№ 29 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 3-декабрындагы № 29 шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколуна ылайык талапкерлер төмөнкүдөй санда шайлоочулардын добуштарын алышты:

1. Белеков Адилет – 9 535 добуш (17,11%);

2. Сыдыгалиев Нурбек  – 13 067 добуш (23,45%);

3. Ибраев Талантбек – 505 добуш (0,91%);

4. Токтомамбетов Аманкул  – 2 986 добуш (5,36%);

5. Мурзакимова Алтынкүл – 659 добуш (1,18%);

6. Эдилбеков Чолпонбек – 827 добуш (1,48%);

7. Жунушалиева Гүлсүнкан  – 6 688 добуш (12%);

8. Тыналиев Айжигит – 5 471 добуш (9,82%);

9. Таштанбекова Мадина  – 541 добуш (0,97%);

10. Күрүчбеков Аскарбек – 1 905 добуш (3,42%);

11. Эсенканова Айзада  – 265 добуш (0,48%);

12. Абыкеев Темирболот  – 5 133 добуш (9,21%);

13. Кулбараков Абтандил – 6 789 добуш (12,18%);

14. “Баарына каршы” – 1 363 добуш (2,45%).

№ 29 шайлоо округу боюнча шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө Ыкчам аракеттенүүчү координациялык топко арыз (даттануу) келип түшкөн жок.

БШК  № 29 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 3-декабрындагы № 29 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколунун негизинде, шайлоо мыйзамдарына ылайык № 29 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү деп тааныды.

№ 29 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин шайланган депутаттары деп Сыдыгалиев Нурбек,  Белеков Адилет жана Жунушалиева Гүлсүнкан таанылды.

Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын депутаттарын шайлоого добуш берүү 30-ноябрда өттү.

БШК парламенттик шайлоонун АСУдан алынган баштапкы жыйынтыктарын жарыялаган.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) округдук шайлоо комиссиясынын протоколдорунун маалыматтарынын негизинде парламенттик шайлоого добуш берүү аяктагандан кийин 13 күндүн ичинде же 14-декабрга чейин добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарат.

3-декабрда БШК парламенттик шайлоодо (БШК) №13 шайлоо участогундагы добуш берүү жыйынтыгын жокко чыгаруу чечимин кабыл алды.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты