№ 9 округдан Ыргал Кадыралиева өткөн жок. Жалилов, Төлөнов жана Эгенбердиева депутат болду
- 1 месяц мурун
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 8-декабрда № 9 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттарды аныктады. Бул округдан депутат деп Жалилов Азамжан, Төлөнов Данияр жана Эгенбердиева Жылдыз аныкталды. Баштапкы шайлоо жыйынтыгында Ыргал Кадыралиева жеңүүчү болгон, бирок анын ордуна Жылдыз Эгенбердиева депутат болду. Ал эми баштапкы жыйынтыкта Абитов Жеңишбек да алдыда болчу, бирок Жалилов Азамжандын добушу көбүрөөк болгондуктан, жеңүүчү деп таанылды.
Жеңүүчүлөр мындай добуш алды:
— Жалилов Азамжан – 5 461 добуш (4,43%);
— Төлөнов Данияр – 5 088 добуш (4,12%);
— Эгенбердиева Жылдыз – 1 127 добуш (0,91%).
№ 9 шайлоо округу боюнча шайлоону уюштуруу үчүн 68 шайлоо участогу түзүлгөн, шайлоочулардын тизмесине 123 213 шайлоочу киргизилген, добуш берүүгѳ 41 800 шайлоочу же 33,92% катышты.
Округдун ичиндеги шайлоо участокторунда 41 502 шайлоочу добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин, 33,68% түздү. 4 849 шайлоочу аралыктан добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 3,94% түздү.
№ 9 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо КР БШКсы 21 талапкерди каттады, шайлоого 21 талапкер катышты.
Бул округда № 5050, № 5054, № 5548, № 5577, № 5039, № 5040 жана № 5041 шайлоо участкаларындагы добуш берүүнүн жыйынтыктары жокко чыгарылды.
№ 9 шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары 61 шайлоо участкасында чыгарылды.
Талапкерлер добуш алышты:
1.Токтомуратова Гүлпери – 500 добуш (0,4%);
2.Абжапарова Уултай – 785 добуш (0,63%);
3.Кадыралиева Ыргал – 1 099 добуш (0,89%);
4.Төлөнов Данияр – 5 088 добуш (4,12%);
5.Кантөрөев Кубанычбек – 1 176 добуш (0,95%);
6.Жумаев Байыш – 3 024 добуш (2,45%);
7.Батырова Ташхон – 439 добуш (0,35%);
8.Турдубаева Гүлмира – 964 добуш (0,78%);
9.Эгенбердиева Жылдыз – 1 127 добуш (0,91%);
10. Талипов Чыңгыз – 3 785 добуш (3,07%);
11. Кадырова Жылдызкан – 228 добуш (0,18%);
12.Абитов Жеңишбек – 4 257 добуш (3,45%);
13.Акаев Кылычбек – 2 574 добуш (2,08%);
14.Акылбек Нурсултан – 294 добуш (0,23%);
15.Эркинбаева Гүлнарахан – 984 добуш (0,79%);
16.Даут Ахунов Сардарбек – 571 добуш (0,46%);
17.Нурунбетов Сыймыкбек – 126 добуш (0,1%);
18.Умарбеков Боронбай – 459 добуш (0,37%);
19.Толтоев Эрнис – 3 286 добуш (2,66%);
20.Жалилов Азамжан – 5 461 добуш (4,43%);
21.Саипбаев Нурланбек – 4 353 добуш (3,53%);
22.“Баарына каршы” – 557 добуш (0,45%).
№ 9 шайлоо округу боюнча 4 арыз түштү.
Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын депутаттарын шайлоого добуш берүү 30-ноябрда өттү.
БШК парламенттик шайлоонун АСУдан алынган баштапкы жыйынтыктарын жарыялаган.
Баштапкы жыйынтык боюнча аталган №9 шайлоо округунан Абитов Жеңишбек, Данияр Төлөнов, Ыргал Кадыралиева алдыда бара жаткан.
Сүрөт коллажы: kg.akipress.org




