Мыйзам бузуудан улам, № 13 шайлоо округунда 35 участкалык шайлоо комиссиясынын төрагалары жаңы шайланат
- 1 месяц мурун
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 7-декабрда № 13 көп мандаттуу шайлоо округундагы айрым участкалык шайлоо комиссияларынын төрагаларынын жоопкерчилигин карады.
Анда Ноокен жана Майлуу-Суу аймактык шайлоо комиссияларына 35 участкалык шайлоо комиссияларынын төрагасын курамдан чыгарууну сунуштады.
5 календардык күндүн ичинде жаңы төрагаларды шайлоону уюштуруу тапшырылды.
Бул чечим 2025-жылдын 3-декабрында БШК тарабынан жараксыз деп таанылган № 13 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын шайлоодогу мыйзам бузууларга байланыштуу кабыл алынды.
КР БШКга келип түшкөн арыздарды текшерүү аныктагандай, байкоочу катары катталган талапкерлердин өкүлдөрү № 13 шайлоо округдун 35 шайлоо участогунда мыйзамсыз түрдө камера орнотуп, шайлоочулардын добуш берүүсүн көзөмөлдөшкөн. Бул добуш берүүнүн купуялуулук жана шайлоочулардын эркин билдирүү принцибине каршы келген.
Ушуга байланыштуу БШК 3-декабрда № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоонун натыйжасын анык эмес деп тааныган.
35 участкалык шайлоо комиссияларынын төрагалары жогоруда айтылган мыйзам бузуулардын болушуна жол бербөө үчүн чара көрүшкөн эмес, бул бүгүнкү чечимди кабыл алууга негиз болду.
КР БШК шайлоо мыйзамдарын бузууларга ыкчам чара көрүү жана шайлоо комиссияларынын ишмердүүлүгүнө коркунучтар же тоскоолдуктар жаралганда ички иштер органдары менен кызматташуунун милдеттүүлүгүн баса белгиледи.
Борбордук шайлоо комиссиясы 12 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жыйынтыгын чыгарды. Жыйынтыгы бекитилген округдар: 29 округ, №30 округ, №11округ, №20 округ, №15 округ, № 27 округ, №2 округ, №10 округ, №24 округ, № 28 округ, № 5 округ, №22 округ.
БШК буга чейин №16 шайлоо округунун жыйынтыгын чыгарган. Ошону менен 13 округдун депутаттары белгилүү болду. Аталган округдар боюнча жеңүүчүлөрдүн тизмеси, алган добуштары, бардык талапкерлердин добуштары, мыйзам бузуулары дагы белгиленди.
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн 30 көп мандаттуу шайлоо округу түзүлдү, алардын ар биринде Жогорку Кеңештин 3төн депутаты 5 жылдык мөөнөткө шайланат.
Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын депутаттарын шайлоого добуш берүү 30-ноябрда өттү.
БШК парламенттик шайлоонун АСУдан алынган баштапкы жыйынтыктарын жарыялаган.
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) округдук шайлоо комиссиясынын протоколдорунун маалыматтарынын негизинде парламенттик шайлоого добуш берүү аяктагандан кийин 13 күндүн ичинде же 14-декабрга чейин добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарат.
3-декабрда БШК парламенттик шайлоодо (БШК) №13 шайлоо участогундагы добуш берүү жыйынтыгын жокко чыгаруу чечимин кабыл алды.
Талапкер Элдар Абакиров парламенттик шайлоодогу №26 Чүй-Токмок-Кемин округу боюнча мыйзам бузууга байланыштуу кайрылуу жасады.
Борбордук шайлоо комиссиясы 3-декабрдагы жыйынында көп мандаттуу №13 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону жараксыз деп тааныды.
№13 көп мандаттуу шайлоо округунан талапкер Айгүл Карабекова БШКны сотко бере турганын Би-Би-Сиге билдирди.
Сүрөт: Интернет булактарынан




