7-декабрда БШК 12 округ боюнча шайлоонун жыйынтыгын чыгарды
- 2 месяца мурун
Борбордук шайлоо комиссиясы 12 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жыйынтыгын чыгарды.
Жыйынтыгы бекитилген округдар: 29 округ, №30 округ, №11округ, №20 округ, №15 округ, № 27 округ, №2 округ, №10 округ, №24 округ, № 28 округ, № 5 округ, №22 округ.
БШК буга чейин №16 шайлоо округунун жыйынтыгын чыгарган. Ошону менен 13 округдун депутаттары белгилүү болду. Аталган округдар боюнча жеңүүчүлөрдүн тизмеси, алган добуштары, бардык талапкерлердин добуштары, мыйзам бузуулары дагы белгиленди.
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн 30 көп мандаттуу шайлоо округу түзүлдү, алардын ар биринде Жогорку Кеңештин 3төн депутаты 5 жылдык мөөнөткө шайланат.
Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын депутаттарын шайлоого добуш берүү 30-ноябрда өттү.
БШК парламенттик шайлоонун АСУдан алынган баштапкы жыйынтыктарын жарыялаган.
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) округдук шайлоо комиссиясынын протоколдорунун маалыматтарынын негизинде парламенттик шайлоого добуш берүү аяктагандан кийин 13 күндүн ичинде же 14-декабрга чейин добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарат.
3-декабрда БШК парламенттик шайлоодо (БШК) №13 шайлоо участогундагы добуш берүү жыйынтыгын жокко чыгаруу чечимин кабыл алды.
Талапкер Элдар Абакиров парламенттик шайлоодогу №26 Чүй-Токмок-Кемин округу боюнча мыйзам бузууга байланыштуу кайрылуу жасады.
Борбордук шайлоо комиссиясы 3-декабрдагы жыйынында көп мандаттуу №13 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону жараксыз деп тааныды.
№13 көп мандаттуу шайлоо округунан талапкер Айгүл Карабекова БШКны сотко бере турганын Би-Би-Сиге билдирди.
Сүрөт: shailoo.gov.kg




