№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу: Талапкерликке арыз бергендердин саны 33кө жетти

  • 1 год мурун

Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо талапкерлигин коюу жөнүндө 26-апрелде дагы арыздар түштү. Ошону менен арыз берген талапкерлердин саны 33кө жетти.

Бул тууралуу БШК билдирди.

26-апрелде Равшан Жээнбеков, Бакытбек Мураталиев, Алманбек Осмонов, Сарылдык уулу Ильгиз арыз берди.

Буга чейин Эркин Булекбаев, Максат Кунакунов, Марат Арзыкулов, Актилек Нурланбеков, Мирлан Камбаров, Бекзат ИманкуловАзат Абдылдаев, Улукбек Калыков, Карачач Исмаилова, Нурлан Сакиев, Данияр Тербишалиев, Эртай Искаков, Ажыбек Касмалиев, Роман Мокейчук, Аким Маликов, Өмүрбек Суваналиев, Турсунбай Бакир уулу,  Айбек Субановдон, Салтанат Сагидаева, Гүлмира Усубалиева, Андрей Скорняков арыз түшкөн. 20-апрелде Дамира Ниязалиева, Нурлан Шапанов, Эльдар Мадылбеков, Аттокур уулу Илимбек, Муктарбек Айткулов, Темирлан Ормуков, Бүбайым Ажиматова, Асылбек Кадралиев, Кубанычбек Макешовдон арыз түштү. Бекзат Иманкулов менен Нурлан Шапанов талапкерлигин алып салышкан.

Депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү 2023-жылдын 27-апрелинде  аяктайт.

Бишкек шаарынын № 26 бир мандаттуу Ленин шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2023-жылдын 28-майына дайындалды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты