Бир мандаттуу Ленин шайлоо округу: Арыз берген талапкерлердин саны 18ге жетти
- 1 год мурун
Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо талапкерлигин коюу жөнүндө 16-апрелде Айбек Субановдон арыз түштү. Ошону менен арыз берген талапкерлердин саны 18ге жетти.
Бул тууралуу БШК маалымдады.
Буга чейин Эркин Булекбаев, Максат Кунакунов, Марат Арзыкулов, Актилек Нурланбеков, Мирлан Камбаров, Бекзат Иманкулов, Азат Абдылдаев, Улукбек Калыков, Карачач Исмаилова, Нурлан Сакиев, Данияр Тербишалиев, Эртей Искаков, Ажыбек Касмалиев, Роман Мокейчук, Аким Маликов, Өмүрбек Суваналиев, Турсунбай Бакир уулу арыз берген.
Депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү 2023-жылдын 27-апрелинде аяктайт.
Бишкек шаарынын № 26 бир мандаттуу Ленин шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2023-жылдын 28-майына дайындалды.
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2023-жылдын 27-мартында өткөн жыйналышында №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайланган Жогорку Кеңеш депутаты Жаныбек Абировдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Буга депутаттын жазган арызы себепчи болгон.
Сүрөт: БШК