Ленин районундагы шайлоо. Турсунбай Бакир уулу депутаттыка талапкерлигин көрсөттү

  • 1 год мурун

28-майда өтүүчү № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу үчүн Турсунбай Бакир уулу БШКга арыз берди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Буга чейин аталган шайлоо окуругунан Эркин Булекбаев, Максат Кунакунов, Марат Арзыкулов, Актилек Нурланбеков жана Мирлан Камбаровдон, Бекзат ИманкуловАзат Абдылдаев, Улукбек Калыков, Карачач Исмаилова, Нурлан Сакиев,  Данияр Тербишалиев, Эртай Искаков, Ажыбек Касмалиев, Роман  Мокейчук, Аким Маликов жана Өмүрбек Суваналиев арыз берген. 

Депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү 27-апрелде  аяктайт.

Бишкек шаарынын № 26 бир мандаттуу Ленин шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2023-жылдын 28-майына дайындалган.

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2023-жылдын 27-мартында өткөн жыйналышында №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайланган Жогорку Кеңеш депутаты Жаныбек Абировдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон. Буга депутаттын жазган арызы себеп болгон.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты