№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу: Арыз бергендердин саны 29га жетти

  • 1 год мурун

Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо талапкерлигин коюу жөнүндө укук коргоочу Акин Токталиев арыз берди. Ошону менен арыз берген талапкерлердин саны 29га жетти.

Кийинки айрыз бергендер: Аттокур уулу Илимбек, Муктарбек Айткулов, Темирлан Ормуков, Бүбайым Ажиматова, Асылбек Кадралиев, Кубанычбек Макешов болду.

Бул тууралуу БШК маалымдады.

Буга чейин Эркин Булекбаев, Максат Кунакунов, Марат Арзыкулов, Актилек Нурланбеков, Мирлан Камбаров, Бекзат ИманкуловАзат Абдылдаев, Улукбек Калыков, Карачач Исмаилова, Нурлан Сакиев, Данияр Тербишалиев, Эртай Искаков, Ажыбек Касмалиев, Роман Мокейчук, Аким Маликов, Өмүрбек Суваналиев, Турсунбай Бакир уулу,  Айбек Субановдон, Салтанат Сагидаева, Гүлмира Усубалиева, Андрей Скорняков арыз түшкөн. 20-апрелде Дамира Ниязалиева, Нурлан Шапанов, Эльдар Мадылбековдон арыз түштү.

Бекзат Иманкулов менен Нурлан Шапанов талапкерлигин алып салышкан.

Депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү 2023-жылдын 27-апрелинде  аяктайт.

Бишкек шаарынын № 26 бир мандаттуу Ленин шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2023-жылдын 28-майына дайындалды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты