Бир мандаттуу Ленин округу боюнча ЖК депутатын шайлоо 28-майга дайындалды

  • 1 год мурун

Бишкек шаарынын № 26 бир мандаттуу Ленин шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2023-жылдын 28-майына дайындалды.

Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.                

№ 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абировдун ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулгандыгына байланыштуу,  аталган округдан депутатты мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2023-жылдын 28-майына, жекшембиге дайындалат.

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2023-жылдын 27-мартында өткөн жыйналышында №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайланган Жогорку Кеңеш депутаты Жаныбек Абировдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Буга депутаттын жазган арызы себепчи болгон.

Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров Бишкек шаарындагы ресторандардын биринде жапырт мушташкандар арасында байкалган. 11-мартта кечинде Бишкек шаарындагы ресторандардын бирине келгендер андагы коопсуздук кызматкерлери менен мушташып кеткен. Бул факты боюнча териштирүү жүрүп жатканы маалым болгон.

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, сот укуктук маселелери жана регламент комитети Башкы прокуратуранын Жаныбек Абировду жоопкерчиликке тартууга макулдук берүү боюнча парламенттик комиссия түзүү чечимин кабыл алды. Комиссиянын чечими боюнча комитет маселени парламенттин жалпы жыйынына алып чыкмак.

Айта кетсек, Жаныбек Абиров 2021-жылы Бишкек шаарынын бир мандаттуу №26 Ленин шайлоо округунан шайланган.

Сүрөт: президенттин басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты