Ленин шайлоо округу: Шайлоого катышуу үчүн арыз бергендердин саны 15ке жетти

  • 1 год мурун

28-майда өтүүчү № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо талапкерлигин добушка коюу ниети жөнүндө талапкер Аким Маликовдон (өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде) арыз келип түштү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Буга чейин Эркин Булекбаев, Максат Кунакунов, Марат Арзыкулов, Актилек Нурланбеков жана Мирлан Камбаровдон, Бекзат ИманкуловАзат Абдылдаев, Улукбек Калыков, Карачач Исмаилова, Нурлан Сакиев,  Данияр Тербишалиев, Эртай Искаков, Ажыбек Касмалиев жана Роман  Мокейчук арыз берген. 

Депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү 2023-жылдын 27-апрелинде  аяктайт.

Бишкек шаарынын № 26 бир мандаттуу Ленин шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2023-жылдын 28-майына дайындалды.

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2023-жылдын 27-мартында өткөн жыйналышында №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайланган Жогорку Кеңеш депутаты Жаныбек Абировдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Буга депутаттын жазган арызы себеп болгон.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты