Ленин райондук бир мандаттуу шайлоо округу: Талапкер көрсөтүү 27-апрелде аяктайт  

  • 1 год мурун

Борбордук шайлоо комиссиясына Бишкек шаарынын бир мандаттуу Ленин райондук шайлоо округу боюнча мөөнөтүнөн мурда шайлоого 31-мартта Эркин Булекбаевден (өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде) арыз түштү.
№ 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү 2023-жылдын 27-апрелинде (кошуп алганда) аяктайт.

Бишкек шаарынын № 26 бир мандаттуу Ленин шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2023-жылдын 28-майына дайындалды.

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2023-жылдын 27-мартында өткөн жыйналышында №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайланган Жогорку Кеңеш депутаты Жаныбек Абировдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Буга депутаттын жазган арызы себепчи болгон.

Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров Бишкек шаарындагы ресторандардын биринде жапырт мушташкандар арасында байкалган. 11-мартта кечинде Бишкек шаарындагы ресторандардын бирине келгендер андагы коопсуздук кызматкерлери менен мушташып кеткен. Бул факты боюнча териштирүү жүрүп жатканы маалым болгон.

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, сот укуктук маселелери жана регламент комитети Башкы прокуратуранын Жаныбек Абировду жоопкерчиликке тартууга макулдук берүү боюнча парламенттик комиссия түзүү чечимин кабыл алды. Комиссиянын чечими боюнча комитет маселени парламенттин жалпы жыйынына алып чыкмак.

Айта кетсек, Жаныбек Абиров 2021-жылы Бишкек шаарынын бир мандаттуу №26 Ленин шайлоо округунан шайланган.

Сүрөт: БШК

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты