№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу: Равшан Жээнбеков арыз берди

  • 12 месяцев мурун

Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо талапкерлигин коюу жөнүндө Равшан Жээнбеков арыз берди.

Бул тууралуу БШК басма сөз кызматы кабарлады.

Ал эми Равшан Жээнбеков мындай деди:

«Мен Кемпир-Абад боюнча кандай күрөшсөм, дал ошондой эле Ленин районунун жашоочуларынын кызыкчылыгын коргойм! Мен бул бийликтин оппозициясымын! Оппозициясы жок бийлик көөп кетет, азыркы бийликке окшоп» деди ал.

Буга чейин адвокат Бакыт Автандил уулу Кемпир-Абад иши боюнча камакта жаткан Ильгиз Шаменов жана Равшан Жеенбековдун шайлоого болгон укугу чектелип жаткандыгын айтып чыккан.

Кемпир-Абад иши боюнча Бишкекте тергөө абагында жаткан саясатчы Равшан Жээнбеков Бишкек шаарынын бир мандаттуу Ленин райондук шайлоо округунан талапкерликке коюу укугу ЖАМК жетекчилеринин айынан бузулуп жатканын айтып, президент Садыр Жапаровго кайрылган.  

Депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү 2023-жылдын 27-апрелинде  аяктайт.

Бишкек шаарынын № 26 бир мандаттуу Ленин шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2023-жылдын 28-майына дайындалды.

17-апрелде Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Кемпир-Абад иши боюнча камалган Равшан Жээнбековдун камактагы мөөнөтүн дагы эки айга узартты. Бул ишке байланыштуу тергөө абагында отурган Ильгиз Шаменов 10-апрелде ооруканага жаткырылганы кабарланган. Перизат Суранова, Орозайым Нарматова, Нурланбек Асанбеков, Талантбек Эшалиев мурда саламаттыгынан улам үй камагына чыгарылган.

Кемпир-Абад иши боюнча бөгөт чарасы 17-апрелде каралгандардын баарынын камактагы мөөнөтү эки айга узартылып жатат. Буга чейин активисттер Али Шабдан, Эрлан Бекчоро уулу, Айбек Бузурманкулов, журналист Айданбек Акматов, Кеңешбек Дүйшөбаев, Бектур Асанов, Тимур Махмудов, Акыл Айтбаев, Равшае Жээнбеков  Кубанычбек Кадыров,  Азимбек Бекназаров  Жеңиш Молдокматов, Атай Бейшенбек, Марат Баязов жана Ильгиз Шаменовдун камактагы мөөнөтү эки айга узартылды. 19-апрелде Рита Карасартованын камактагы мөөнөтү дагы эки айга, 20-июнга чейин узартылды.

Былтыр 23-24-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпысынан 26 адам жапырт кармалган.  Алар – Жогорку Кеңештин мурдагы вице-спикери Асия Сасыкбаева, мурдагы депутаттар Равшан Жээнбеков, Кубанычбек Кадыров, Азимбек Бекназаров, Орозайым Нарматова, Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, укук коргоочу Рита Карасартова, Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Кеңешбек Дүйшөбаев, Боршайкомдун мурдагы мүчөсү Гүлнара Журабаева, активисттер Илгиз Шаменов, Улукбек Маматаев, Акылбек Айтбаев, Али Шабдан, Чыңгыз Капаров, Марат Баязов, Таалайбек Мадеминов, Атай Бейшенбек, Перизат Суранова, Талас облусунун мурдагы башчысы Айбек Бузурманкулов, Жалал-Абад облусунун мурдагы жетекчиси Бектур Асанов, журналист Айданбек Акматов жана башкалар.
Алардын бөгөт чарасы улам-улам узартылып, абакта кармалууда. Айрымдары үй камагына чыгарылды.
Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси («Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу») менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө амалдарын жүргүзүп жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты