№26 Ленин шайлоо округу: Өмүрбек Суваналиев талапкер болууга арыз берди

  • 1 год мурун

№ 26 Ленин райондук бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо талапкерлигин добушка коюу ниети жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясына белгилүү саясатчы, милициянын генерал-майору Өмүрбек Суваналиев бүгүн, 13-апрелде арыз берди.

Бул тууралуу талапкер Өмүрбек Суваналиев билдирди.

Буга чейин аталган шайлоо окуругунан Эркин Булекбаев, Максат Кунакунов, Марат Арзыкулов, Актилек Нурланбеков жана Мирлан Камбаровдон, Бекзат ИманкуловАзат Абдылдаев, Улукбек Калыков, Карачач Исмаилова, Нурлан Сакиев,  Данияр Тербишалиев, Эртай Искаков, Ажыбек Касмалиев жана Роман  Мокейчук, Аким Маликов арыз берген. 

Депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү 27-апрелде  аяктайт.

Бишкек шаарынын № 26 бир мандаттуу Ленин шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2023-жылдын 28-майына дайындалды.

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2023-жылдын 27-мартында өткөн жыйналышында №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайланган Жогорку Кеңеш депутаты Жаныбек Абировдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Буга депутаттын жазган арызы себеп болгон.

Өмүрбек Суваналиевдин «ПолитКлиника» медиасынын «Тет-а-Тет» берүүсүнө берген өлкөнүн коомдук-саясий турмушу туурасындагы маеги бул шилтемеде.

Сүрөт: «ПолитКлиника».

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты