Бир мандаттуу Ленин шайлоо округу: Арыз берген талапкерлердин саны 13кө жетти

  • 1 год мурун

28-майда өтүүчү № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо талапкерлигин добушка коюу ниети жөнүндө талапкер Ажыбек Касмалиевден (өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде) арыз келип түштү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Буга чейин Эркин Булекбаев, Максат Кунакунов, Марат Арзыкулов, Актилек Нурланбеков жана Мирлан Камбаровдон жана Бекзат ИманкуловАзат Абдылдаев, Улукбек Калыков, Карачач Исмаилова, Нурлан Сакиев,  Данияр Тербишалиев жана Эртай Искаков арыз берген. 

Депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү 2023-жылдын 27-апрелинде  аяктайт.

Бишкек шаарынын № 26 бир мандаттуу Ленин шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2023-жылдын 28-майына дайындалды.

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2023-жылдын 27-мартында өткөн жыйналышында №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайланган Жогорку Кеңеш депутаты Жаныбек Абировдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Буга депутаттын жазган арызы себепчи болгон.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты