№26 бир мандаттуу шайлоо округу: Максат Кунакуновдон талапкер болуу арызы түштү
- 1 год мурун
3-апрелде Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо талапкер Максат Кунакуновдон арыз түштү.
3-апрелге карата үч талапкер болду. Максат Кунакунов, Эркин Булекбаев жана Марат Арзыкулов.
№ 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү 2023-жылдын 27-апрелинде аяктайт.
Бишкек шаарынын № 26 бир мандаттуу Ленин шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2023-жылдын 28-майына дайындалды.
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2023-жылдын 27-мартында өткөн жыйналышында №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайланган Жогорку Кеңеш депутаты Жаныбек Абировдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту.
Сүрөт: БШК басма сөз кызматы.