№ 26 бир мандаттуу шайлоо округу: Талапкер болуу арыздары түшүүдө

  • 1 год мурун

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо талапкерлигин добушка коюу жөнүндө 4-апрелде дагы экөөнөн, Актилек Нурланбеков жана Мирлан Камбаровдон арыз түштү.

Ушуну менен 5 талапкер арыз берди. Буга чейин, 31-мартта Эркин Булекбаев, Максат Кунакунов, Марат Арзыкулов арыз берген.

№ 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү 2023-жылдын 27-апрелинде  аяктайт.

Бишкек шаарынын № 26 бир мандаттуу Ленин шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2023-жылдын 28-майына дайындалды.

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2023-жылдын 27-мартында өткөн жыйналышында №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайланган Жогорку Кеңеш депутаты Жаныбек Абировдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Буга депутаттын жазган арызы себепчи болгон.

Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров Бишкек шаарындагы ресторандардын биринде жапырт мушташкандар арасында байкалган. 11-мартта кечинде Бишкек шаарындагы ресторандардын бирине келгендер андагы коопсуздук кызматкерлери менен мушташып кеткен. Бул факты боюнча териштирүү жүрүп жатканы маалым болгон.

Жаныбек Абиров 2021-жылы Бишкек шаарынын бир мандаттуу №26 Ленин шайлоо округунан депутаттыкка шайланган.

Сүрөт: БШК

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты