№26 бир мандаттуу шайлоо округу: Талапкер көрсөтүү мөөнөтү бүгүн аяктайт

  • 12 месяцев мурун

Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо талапкерлигин коюу жөнүндө Акыл Айтбаев, Бакытбек Рысалиев, Чыңгыз Капаров, Азамат Медеров, Улан Сариев, Таалайкөд Айдаралиева арыз берди. Ошону менен арыз бергендердин саны 27-апрел саат 9:23кө 39 болду.

Бул тууралуу БШК билдирди.

26-апрелде Равшан Жээнбеков, Бакытбек Мураталиев, Алманбек Осмонов, Сарылдык уулу Ильгиз арыз берди.

Буга чейин Эркин Булекбаев, Максат Кунакунов, Марат Арзыкулов, Актилек Нурланбеков, Мирлан Камбаров, Бекзат ИманкуловАзат Абдылдаев, Улукбек Калыков, Карачач Исмаилова, Нурлан Сакиев, Данияр Тербишалиев, Эртай Искаков, Ажыбек Касмалиев, Роман Мокейчук, Аким Маликов, Өмүрбек Суваналиев, Турсунбай Бакир уулу,  Айбек Субановдон, Салтанат Сагидаева, Гүлмира Усубалиева, Андрей Скорняков арыз түшкөн. 20-апрелде Дамира Ниязалиева, Нурлан Шапанов, Эльдар Мадылбеков, Аттокур уулу Илимбек, Муктарбек Айткулов, Темирлан Ормуков, Бүбайым Ажиматова, Асылбек Кадралиев, Кубанычбек Макешовдон арыз түштү. Бекзат Иманкулов менен Нурлан Шапанов талапкерлигин алып салышкан.

Депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү бүгүн, 27-апрелде  аяктайт.

Бишкек шаарынын № 26 бир мандаттуу Ленин шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2023-жылдын 28-майына дайындалды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты