Бишкекте 6 миң түп дарак көчөтү отургузулду
- 14 часов мурун
- Жаңылыктар
Бишкек шаарындагы Манас көчөсүндө борбор шаардын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда 14-ноябрда масштабдуу жашылдандыруу акцияларынын бири өттү. Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, активисттер жана шаар тургундары катышты.
Бцул тууралуу Бишкек мэриясы кабарлады.
Бир тилкеге бир убакта бийиктиги 3 метрден 6 метрге чейинки 6 миң түп көчөт отургузулду. Алардын ичинен 5 263ү — гибрид терек, 700ү — тал жана 37си — алма дарагы.
Жаңы отургузулган көчөттөрдү өз убагында сугаруу үчүн автоматтык сугат системасы орнотулду. Мындан тышкары, кошумча көп жылдык бадалдар жана гүлдөр отургузулат.
Көчөттөр Бишкек шаардык «Бишкек жашыл чарба» муниципалдык ишканасынын питомнигинде өстүрүлгөн.
Жыл аягына чейин шаар боюнча отургузулган дарактардын жалпы санын 30 миңге жеткирүү пландалууда.
Сүрөт: Бишкек мэриясы




