Бишкектин Айтматов проспектисинде жерлери муниципалдык менчикке өткөрүлгөндөргө төлөм сертификаты берилди

17-ноябрда Бишкек шаарынын мэриясында Чыңгыз Айтматов проспектисинин жана Восточный көчөсүнүн тургундарына коомдук жана мамлекеттик муктаждыктар үчүн муниципалдык менчикке өткөрүлгөн жер тилкелери үчүн компенсациялык төлөмдөрдүн сертификаттары тапшырылды. Аталган жер тилкелери автомобиль жолун реконструкциялоо жана кеңейтүү долбоорунун алкагында муниципалдык менчикке өткөрүлгөн.

Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы билдирди.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев 13 жер тилке ээсине жергиликтүү бюджеттин эсебинен жалпы суммасы 40 млн 763 миң сомду түзгөн акчалай компенсация сертификатын тапшырды.

Компенсациянын өлчөмү жер тилкелеринин наркына жүргүзүлгөн көз карандысыз баалоонун негизинде аныкталган. Калган жер тилкелери боюнча компенсация берүү иштери да мыйзамдарда белгиленген тартипте улантылууда.

Компенсациялык төлөмдөр мыйзамга ылайык, кыймылсыз мүлккө болгон мыйзамдуу укуктарын тастыктаган укук белгилөөчү жана укук күбөлөндүрүүчү зарыл документтерди тапшырган жарандарга берилет.

“Биринчи кезекте жер тилкелерин алмаштыруу мүмкүнчүлүгүн карап жатабыз. Бирок айрым жер тилкелеринин аянты чакан болгондуктан, мындай чечим бардык учурда эле максатка ылайыктуу боло бербейт. Ушуга байланыштуу бул учурда менчик ээлерине акчалай компенсация төлөп берүү чечими кабыл алынды» деп баса белгиледи Айбек Жунушалиев.

Иллюстрациялык сүрөт: АКИpress

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты