Бишкекте BIF2026 инвестициялык форуму өтөт: Борбор Азиянын жаңы рыноктору жана мүмкүнчүлүктөрү
- 9 часов мурун
- Баяндар, Жаңылыктар
25-ноябрда Бишкек шаарында Bishkek Investment Forum 2026 (BIF2026) эл аралык инвестициялык форуму өтөт. Иш-чара Борбор Азиянын экономикалык өнүгүү келечегин талкуулоо үчүн ишкерлерди, инвесторлорду, мамлекеттик органдардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн бир аянтчага чогултат.
Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.
Быйылкы форум «Борбор Азия 2030. Рыноктун мүмкүнчүлүктөрү» деген темада өтөт. Ага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Кытай, Азербайжан жана Европа өлкөлөрүнөн бизнес чөйрөсүнүн 1 000ден ашуун өкүлү катышары күтүлүүдө.
Форумдун негизги темаларынын бири Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушу болот. Бул долбоор эл аралык сооданы, логистиканы жана ишкердикти өнүктүрүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Катышуучулар кыргызстандык компаниялардын жаңы рынокторго чыгуу, экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана эл аралык өндүрүштүк байланыштарды өнүктүрүү жолдорун талкуулашат.
Инвестиция тартуу жана бизнести каржылоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулат. Форумдун алкагында банктык насыялоо, инвестициялык фонддор, үлүштүк каржылоо жана капитал салуунун келечектүү багыттары боюнча талкуулар өткөрүлөт.
BIF2026 форумунун программасында пленардык жыйындар, тематикалык бизнес-сессиялар, BIF Talks форматындагы эксперттердин баяндамалары, ишкерлер менен инвесторлордун жолугушуулары жана инвестициялык долбоорлордун бет ачарлары каралган. Ошондой эле түздөн-түз ишкердик байланыштарды түзүүгө жана өнөктөштүктү өнүктүрүүгө багытталган VIP Investment Session жабык инвестициялык сессиясын өткөрүү пландалууда.
Форумдун маанилүү бөлүктөрүнүн бири BIF2026 бизнес-көргөзмөсү болот. Анда ишкерлер жана компаниялар өздөрүнүн продукцияларын, кызматтарын, инновациялык чечимдерин жана инвестициялык долбоорлорун тааныштыра алышат.
Bishkek Investment Forum буга чейин инвестиция тартуу үчүн натыйжалуу аянтча катары өзүн көрсөтө алды. Уюштуруучулардын маалыматына ылайык, 2015–2024-жылдары өткөрүлгөн форумдардын жыйынтыгында чакан жана орто бизнеске тартылган инвестициялардын жалпы көлөмү 286 миллион АКШ долларынан ашкан.
Бул мезгил аралыгында форумдарга жалпысынан 7 700 адам катышып, 1 194 инвестициялык долбоор сунушталган. Ал эми 380 компания инвестиция тарткан.
Өткөрүлүүчү күнү жана жери: 2026-жылдын 25-ноябры, Бишкек шаары, «Ырыс Ордо» конгресс-холлу .Кошумча маалымат:www.biforum.kgБайла ныш телефондору: Форумга билеттерди сатып алуу боюнча:+996 703 98 40 62 (WhatsApp) Форумдун алкагындагы көргөзмөгө катышуу боюнча: +996 707 45 54 59 Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн аккредитациялоо боюнча: +996 555 80 11 75




