Бишкекте унааны туура эмес жерге токтоткон айдоочуларга айып салынды

Бишкек шаарынын Биринчи май районунун аймагында милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын кызматкерлери Биринчи май райондук муниципалдык администрациясы менен бирге жол кыймылынын эрежелеринин сакталышы боюнча рейд өткөрүп, 14 айдоочуга айып пул салды.

Рейддин жүрүшүндө унааларын токтотууга тыюу салынган жерлерге токтоткон айдоочуларга Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 188-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, 14 административдик протокол түзүлдү. Эреже бузган айдоочуларга тиешелүү өлчөмдө айып пул салынды.

Мындан тышкары, ээлери аныкталбаган 5 унаа айып короого жеткирилди.

Сүрөт: Бишкек мэриясы


Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты