Жаза аткаруу кызматы абактагы ачкачылык кармагандар боюнча маалымат берди

  • 11 месяцев мурун

Жаза аткаруу кызматы (ЖАК) Кемпир-Абад маселесине байланыштуу абакта ачкачылык кармагандар боюнча маалымат берди.

Аталган мекеменин басма сөз кызматы алардын бешөө — Али Шабдан, Акылбек Айтбаев, Марат Баязов, Айбек Бузурманкулов жана Атай Бейшенбек ачкачылыкты улантып жатканын билдирди.
ЖАК тараткан маалыматка караганда, алар Атай Бейшенбекти айып изоляторунан чыгарууну, Равшан Жээнбеков менен Илгиз Сарылдак уулун мурдагы отурган абак бөлмөсүнө алып келүүнү талап кылышкан.
«Ачкачылык жарыялагандардын абалы бүгүнкү күндө жакшы. Эч кандай дооматтары жок, суюктук ичип жатышат, кээ бирөө аз-аздан тамак жей башташты. Медицина кызматкерлеринин тыкыр көзөмөлүндө. Айыпталуучуга тамак-аштан баш тартуу алардын ден соолугуна жана өмүрүнө коркунуч туудурары, кайра калыбына келтирилгис кесепеттерге алып келери түшүндүрүлдү» деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, тергөө абагында отургандар 19-майдан тартып саясий ачкачылык жарыялашканын өлкөнүн акыйкатчысына жана Кыйноолорду алдын алуу борборуна жолдогон ачык кайрылуусунда айтылган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Кемпирабадчылардын камакта мыйзамсыз олтурганына 7 айдын жүзү болду. 2022-жылдын декабрь айында бардык кемпирабадчыларды башка абак бөлмөлөрүнө которушкан. Эми 15-майда Равшан Жээнбековду, 17-майда Илгиз Шаменовду дагы башка абак бөлмөлөрүнө эч негизсиз которушту, ал эми Атай Бейшенбек уулун 18-майда үч күнгө айып бөлмөсүнө камашты. Биз бул аракеттерди оюбузду ачык билдиргенибиз үчүн бизге жүргүзүлгөн моралдык-психологиялык басым жана саясий куугунтуктун ыплас жолу деп эсептейбиз”, — деп жазылат кайрылууда.

Кайрылуу ээлери кемпирабадчыларга болуп жаткан моралдык-психологиялык басым токтотулсун жана Равшан Жээнбеков, Илгиз Шаменов, Атай Бейшенбек уулу мурдагы олтурган абак бөлмөлөрүнө кайтарылсын, улам-улам абак бөлмөлөрүнө которуулар токтотулсун деген талаптарды коюшту.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Кемпир-Абад маселеси боюнча Бишкек шаарындагы СИЗО-1 мекемесинде отурган Атай Бейшенбек штраф изоляторуна киргизилгенин билдирген.  Себеби, мерчемделген тинтүү иш-чараларын жүргүзүү учурунда айыпталуучудан REDMI үлгүсүндөгү уюлдук телефон табылган.

Кемпир-Абад иши боюнча бөгөт чарасы 17-апрелде каралгандардын баарынын камактагы мөөнөтү эки айга узартылып жатат. Буга чейин активисттер Али Шабдан, Эрлан Бекчоро уулу, Айбек Бузурманкулов, журналист Айданбек Акматов, Кеңешбек Дүйшөбаев, Бектур Асанов, Тимур Махмудов, Акыл Айтбаев, Равшае Жээнбеков  Кубанычбек Кадыров,  Азимбек Бекназаров  Жеңиш Молдокматовдун камактагы мөөнөтү эки айга узартылды.

Кемпир-Абад иши боюнча камакка алынгандардын арасынан 12-апрелде Клара Сооронкулова, Мамбетжунус Абылов, Асия Сасыкбаева, Улукбек Маматаев, Гүлнара Журабаева, Чыңгыз Капаров үй камагына бошотулган.

Былтыр 23-24-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпысынан 26 адам жапырт кармалган. 

Алардын бөгөт чарасы улам-улам узартылып, абакта кармалууда. Айрымдары үй камагына чыгарылды.
Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси («Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу») менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө амалдарын жүргүзүп жатканын билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты