Акыйкатчы Жаза аткаруу кызматындагы жоокердин чатагын териштирди   

  • 10 месяцев мурун

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын кайтаруу жана конвой департаментинин 5-кайтаруу батальонунда уставга каршы окуя орун алганы тууралуу маалымат ЖМКга жарыяланар замат Акыйкатчынын Жалал-Абад облусундагы өкүлү жагдайды тактоо максатында аскер бөлүгүнө барды.

Бул тууралуу акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы кабарлады.

Акыйкатчы институту окуяны мындайча баяндады:

-Окуя 2025-жылдын 1-сентябрынан 2-сентябрга караган түнү болжол менен 03:30дар чамасында ефрейтор Т.у.Н. менен ошол күнү күзөттө турган катардагы жоокер А.А.нын ортосунда болгон. Аскер кызматкерлеринин айтымында, ефрейтор мас абалында түн ичинде аскер бөлүккө эки жолу келген. Түнкү саат үч чамасында күзөттө турган жоокер менен айтыша кетип, аны 3-4 ирет башка урган. Ошондо гана аны аскер бөлүктүн командиринин орун басары үйүнө жөнөткөн, -деп айтылат маалыматта.  

Башка жоокерлердин айтымында, 19 жаштагы А.А.нын ефрейтор менен пикир келишпестиги да болгон эмес.  Ал Ош шаардык аскер комиссариаты аркылуу чакырылып, 2024-жылдын сентябрь айынан тарта ЖАКтын 5-батальонунда кызмат өтөп жатат.

1998-жылы туулган ефрейтор Т.у.Н. Базар-Коргон аскер комиссариаты аркылуу чакырылып, 2025-жылдын февраль айынан бери батальондо келишим менен кызмат өтөөдө.

Түнкү окуядан кийин экөө тең Базар-Коргон райондук ооруканасында медициналык кароодон өттү. Ефрейтордун канынан алкоголь аныкталса, катардагы жоокержеңил жаракат алган.

Учурда бул окуя боюнча Жалал-Абад гарнизонунун Аскер прокуратурасы сотко чейинки териштирүү жүргүзүп жатат. Ошол эле учурда ЖАКтын башкы башкармалыгы ички кызматтык иликтөө жүргүзүүдө.

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева ЖАКтын жетекчилигин аскер кызматкерлеринин арасында уставга каршы мамилелердин алдын алуу үчүн комплекстүү чараларды көрүүгө чакырып, тиешелүү катты Жалал-Абад гарнизонунун Аскер прокуратурасына жөнөткөнү дагы белгиленди.

Сүрөт: Акыйкатчы институту

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты